Сот Лорд Браен Хаттэндин сурагына алынган премьер, эгерде иликтөөдө документтин өкмөт тарабынан бурмалангандыгы аныкталса, кызматтан кете турганын айтты. Сөз болуп жаткан документте өкмөт Ирактын кеңири кыргын салуучу куралга ээ экенин жана ал куралдарын кайсы болбосун өлкөгө каршы 45 мүнөттүн үчинде пайдаланууга кудуреттүү экенин баяндап, бул фактыны Иракка каршы согуш ачуунун негизги шылтоосу катары кармаган.
Дэвид Келли Би-би-си радиосунун "өкмөт Ирактын куралдары жөнүндөгү маалыматты бурмалап, көбүртүп, жабырткан" деген кабарынын негизги булагы катары аталып, Би-би-сиге берген маалыматынан улам Британ парламентинин эки комитети тарабынан суракка алынган. Андан көп өтпөй кан тамыры кыйылып өлгөн Келлини үйүнүн жанындагы токойдон табышкан. Экспертиза ал өзүн-өзү өлтүргөндүгүн ырастаган.
Сот Лорд Браен Хаттэн жетектеген иликтөөлөр Келлинин өлүмүнө парламенттеги сурак таасир эткенби же жокпу? Өкмөт Ирактын куралдары жөнүндөгү документти чын эле бурмалап, бүткүл британ элин алдаганбы? деген суроого жооп табууга аракеттенип жатат.
27-августта Лорд Хаттэн Британиянын коргоо министри Джефф Хуунду тергөөгө алып, Келлинин парламентте суракка алынышына министр эмне үчүн макул болгондугун, парламенттеги сурак кандай маанайда өткөндүгүн иликтеген. Джефф Хуун маркум Келлиге байланышкан чатактан колунан келишинче обочолонгонго аракеттенди. Министр анын мекемесинде иштеген Келлиге карата чара көрүү маселелери Блэрдин жардамчылары тарабынан чечилгенин жана ал мекеменин жетекчиси катары ага кийлигиштирилбегенин айтты:
- Мен жетектеген министрлик Келлинин жеке ишин гана караган, ошондо да мен буга жеке өзүм аралашпастан, аны кадрлар бөлүмүнө калтырганмын.
Бирок “Ворлд Стриит Жөрнал” гезити 28-августтагы санында, коргоо министринин өзүн-өзү актаган бул маалыматтарын дагы бир карама каршылыктуу факт жокко чыгарып жаткандыгын белгилейт. Мындан мурда жүргүзүлгөн тергөөдө Келлинин парламентте суракка алынбоосун өтүнүп, коргоо министрине мекеменин аскерий эмес ардагер кызматкери кайрылганы анык болду. Бирок Джефф Хуун ал кызматкердин өтүнүчүн четке каккан. Сурак учурунда министр ардагер кызматкердин катын да, ага жөнөтүлгөн жоопту да көрбөгөндүгүн айтты. 11-июлда Джефф Хуундун жеке катчысы ардагер кызматкерге кат жолдоп, министр анын бул өтүнүчүн четке кагып жатканын билдирген экен.
Буга чейин суракка алынган өкмөт өкүлдөрүнүн баары тең Келлинин өлүмүнө байланышкан чатакты өзүлөрүнө жуутпаганга аракеттенип келатышат. Бирок бул чуулгандуу окуяга байланыштуу суракка алынган Дэвид Браучер деген жогорку даражалуу дипломат Келли менен Женевада февраль айында болгон маегин айтып берген. Би-би-синин кабарчысы менен маектешкенден алда канча мурда болгон бул баарлашуу учурунда Дэвид Келли Браучерге:
- Эгерде Британия Иракка кол салса, менин өлүгүмдү токойдун арасынан таап калышың ажеп эмес. Ирактын окумуштууларын Улуттар Уюмунун инспекторлору менен кызматашсаңар Иракка эч ким эч нерсе кылбайт" деп ишендиргенине капа болуп жүргөн Келлинин кесиптештери менен болгон жеке байланыштарынан кыянат пайдаланып, аларга эрксизден чыккынчылык кылганына абдан кыжаалат болуп жүргөнүн сездим.
Бул жөнүндө 27-августта жазып чыккан “Тайм” гезити Браучердин суракта берген бул көрсөтмөсү чуулгандуу окуянын учугун чубап келаткан тергөөчүлөрдүн алдына дагы бир чаташкан түрмөктү таштаганын айтат.