Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

ЖАЛАЛАБАДДА БАСЫЛМАЛАР СОТТОЛУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жалалабад шаардык сотунда облуста чыгуучу республикалык «Фергана» газетасы менен адам укугун коргоочу «Справедливость» уюмунун, «Право для всех» басылмасынын жана аларда жарыяланган «Базаркоргончо тазалоо» деген сын макаланын автору Азимжан Аскаровдун үстүнөн сот жараяны жүрүп жатат. Аларды Базаркоргон райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Төлөгөн Абдуллаев Жалалабад шаардык сотуна июль айында берген.

Соттук талкуунун убагында доогер Базаркоргон райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Төлөгөн Абдуллаев судьянын ишти жарашуу келишими менен бүтүрүү сунушун туура тапкан жок. Июль айында Жалалабад шаардык сотуна кайрылуусуна республикалык «Фергана» газетасына өзбекче, кийин областтагы адам укугун коргоочу «Справедливость» уюмунун «Право для всех» басылмасына кыргыз, орус тилинде чыккан «Базаркоргончо тазалоо» аттуу макала себеп болгон түшүндүрдү Төлөгөн Абдуллаев:

- Гезитти сотко бергенимдин себеби, бул жерде менин аброюма шек келтирген макала жазылган. Ал жердеги фактылар кээ бири туура, кээ бири туура эмес. Акчага сатылып алган жетекчи кесиби туура келбейт, санитардык врач, район медицинасын тейлеп атат деген, андан тышкары реформа жылбай калды, деген журналистик баа бергени туура эмес болгондуктан мен сотко бердим.

Соттон адамдык укугун коргоп, абийирине шек келтирген «Фергана» газетасы менен «Право для всех» басылмасынын ар биринен 50 миң, макала автору Азимжан Аскаровдон 100 миң сом өндүрүүнү өтүндү. Макалада сөз болгон дарыгерлер иштеги кемчиликтери үчүн жумуштан айдалганын жана эч кимге акча топтоо жөнүндө көрсөтмө бербегенин, жыйналган акчалар максаттуу жумшалганын айтып, макала боюнча текшерүү жүргүзгөн областтык комиссиянын аны кызматтан алуу тууралуу саламаттык сактоо министрлигине берген сунушун бир жактуу деп эсептеди.

Күбө катары чакырылган дарыгерлер Калымбетова Жамила, Күмүш Казакова, Ибрагим Маткаров жана Санабар Ахмадалиева директорго каршы көрсөтмөлөрдү беришти. Эмгек акыларын мыйзамсыз төлөбөй, ооруканада ар кандай шылтоолор менен акча топтолоорун, каяша кылгандар кысымга кабылаарын айтышты.

Макала ээси Азимжан Аскаров макала элден түшкөн арыз-даттануу, түшүнүк каттардын 10 пайызынын негизинде гана жазылганын ырастап, Т.Абдуллаевдин абийирине асылуу жок экенин далилдеди.

- Бүгүнкү күндө ушул иш боюнча Төлөгөн Абдуллаев мыйзамсыз айыптады. «Төлөгөн Абдуллаев бизди туура эмес айыптады» деп жатат. Иш жүзүндө кемчиликтер мындан да арбын. Макаланын чындыгын губернатор тарабынан түзүлгөн областтык комиссия да 100 пайыз аныктады».

«Право для всех» басылмасынын баш редактору Жалил Сапаров сотто далилденген фактылар жөнүндө буларды айтты:

- Сотто биз күбөлөр менен облустук мамлекеттик администрация тарабынан уюшулган атайын комиссиянын фактылар боюнча текшерүүсүнүн жыйынтыгы, справкасы менен биздин жазып чыккан макаланын фактылары бардыгы туура экенин далилдедик. Эми сот маселесинде кандай болот, ишти шаардык соттун судьясы Замир Салмаков карады. Эки жактын айткан доводорун укту. Эми кандай чечим чыгараары белгисиз.


Июль айында бир жолу өтүп, 27-28-августта кайра улантылган сот иши эми 2-сентябрга жылдырылды. Ага областтык комиссиянын жана Базаркоргон районунун жетекчилери чакырылды. Талдоочулар бийликтегилер соңку убактарда сын жазган басылмаларды соттордун колу менен жазалоого өткөндүгүн белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG