Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

ООГАНСТАНДЫК КЫРГЫЗДАР МЕНЕН МАЕК


Кожогелди Култегин, Ош Чолпонатада дүйнө кыргыздардын курултайына Кичипамир тоолорун мекендеген Ооганстандык кыргыздардын атынан эки адам катышууда, алар Абдурашидхандын уулу Абдулазиз жана Жээнбек уулу Мустафакун.

- Төрт жылдын ичинде менин атам Абдырашидхан, баласы Абдулазиз-мен, Абдилкудус, Мусатафакун төртөөбүз келип, Оштон кайтып кеткенбиз. Менин атам атка мингенде жүрөгү туйлап, басалбай калып дубасын берип мени жөнөттү.

Абдурашидхандын уулу Абдулазиздин сөзүн Жээнбек уулу Мустафакун улады:

- Аскар Акаевге чоң рахмат. Карды кар дебей, борошону борошо дебей биз да кече келдик эки адам. Хан болсо өзү да алданыштан кетип калган адам, жашы 63тө.

Андан ары Кичик Памирдеги кыргыздардын жашоо турмушунан кабар беришти. Абдулазиз:

- Памирде жашайбыз 100 үй-бүлө. Жылда кийим, тамак-ашты Пакистандан алабыз. Быйыл болсо Ооганстанда жакшы болуп, арзан алып атабыз. Памирде көп кар жаайт, шамал, кардын арасында мал менен топоз, кой, төө, ат менен жашообуз ошол. Мындай ак там, көчө болбойт. Момоьчоба өспөйт, жер айдабайбыз. Ооганстандан алыспыз, 6 күндүк жол. Биягы Пакистанга 4 күндүк жол. Биягы Кытайга сап жол жок, алыс.

Сөз нугу медициналык жардам, билим алуу жагына бурулду. Абдулазиз:

- Башың, колуң, бутуң ооруп калса дары табылбайт. Алпара коеюн десең доктур, доктуркана жок. Бир жерге топтоп мектеп куруп таалим, тарбия берип окуткан өкмөттүн мугалими жок.

Мустафакун:

- Бир-эки молдобуз бар, мусулман окуусуна намаздыкты, куранды окутуп турат. Биздин бир үй-бүлөдө көп бала болгон болсо, төрт-беш болот. Бизде эркек болсун, аял киши болсун 50-70ке барган адам жок. 50-40-30дан ылдыйга өтүп кетип жатат.

Бул сөздөрдөн улам, меймандардын өздөрүнүн жашын сурагандан айбыктым да, Абдурашидхан мындан 4-5 жыл мурда кичипамирдик кыргыздарды түп мекени Кыргызстанга көчүрүү аракетин көргөндүгүн, бирок сунуш-талап кийин улантылбай калгандыгын эстетип өттүм. Абдулазиздин жообу:

- Кыргыз бизди колтугуга кысып алаар деген жер болгон. Биздин өкмөтүбүз, пашабыз Кабулду Кабул кылган. Биздин элди карасаңыз мындай шаарды көргөн эмес, чет жерлерге чыккан эмес. Бири коркот, бири жашай аламбы, жашай албаймбы шаарга барсам дейт, бири малымды чыгарып жиберемби колумдан дейт.

Жээнбек уулу Мустафакун:

- Арызданганча Хан менен мен мурда келгенмин. Хан барып бул кепти калкка кабар айтты, калк муну кулак албады. Экинчиден, Чолпонкул Арабаев жыйналыш кылып айтты. Биздин калкыбыз жыйылып айтты, киндик өсүп, кир төккөн деген ата сөзүбүз бар. Биз бул жерден жылбайбыз деди, ошол боюнча калып калдык.

Абдурашидхан уулу Абдулазиз:

- Биринчиден, өлгөндөрүбүздүн көрүн таштай албайыз. Экинчиден, Пакистанга бир жолу качып баарыбыз барып, теңибиз Түркияга кетип калды, теңибиз кайтып келдик. Пакистанда ысык өтүп, курттаган адамдар болду, өлүп кеткендер болду, чыдабагандар болду. Азыр Ош, Кыргызстан десе ошондон коркот.

Ал эми Кичипамирлик кыргыздардын кай тараптан ооп баргандыгы тууралуу мындайча маалымат айтылды:

- Мурунку заманда биздин ата-бабабыз Нургап, Шаймак, Токтомуш, Алайда болгон экен.

Андан соң ал Түркияга ооп кеткен туугандарынын атынан быйыл Рахманкулхандын уулу баласы Арыф баштаган 6 адам кабар алганы Кичипамирге келип, мейманчылап кеткенин ачыкка чыгарды. Андан да жакшы жери Ооганстан мамлекет башчысы Хамит Карзай кыргыз ханы Абдурашидди атайын сүйлөшүүгө Кабулга чакыган:

- Кабулда барып эки жатты менин атам. Карзай Сайиф менен сүйлөшүп, памирдик элдин абалын айтып 11 мотыр бакшиш (11 араба белек) алып, элге таратып берди. Ооганстандын берген көмөгү ошол болду. Ооганстан жакшы болуп кетсе быйыл дагы менин атам Кабулга барат.

Ооганстандык кыргыз өкүлдөрүнүн Абдурашит хандын атынан кыргыз мамлекет башчысына да айтаар сөзү бар шекилдүү. Бирок аны азыр жарыя кылууну ылайык көрүшкөнү жок.

XS
SM
MD
LG