Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

БАНКТАР КРЕДИТ КАЙТАРБАГАНДАРДЫН “КАРА ТИЗМЕСИН” ТҮЗҮШҮҮДӨ


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандагы 9 финансы-кредиттик уюм биригип, Кредит маалымат бюросун ачышты. Кредиттик маалымат бюро банктардан жана башка кредит берүүчү мекемелерден кредит алып, кайра кайрып бербеген ишканалар жана адамдар жөнүндө маалымат чогултуп, аны керек мекемелерге берип турмакчы.

«Азия банкы», «Демир банк», «Энергобанк», «Кыргызинвесткредитбанк», «Инэксимбанк», «Бай-түшүм» финансылык фонду, «Ай-кен» микрокредит берүү агенттиги, «Финка» компаниясы жана Европа банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү биригип Кредит маалымат бюро ассоциация түзүштү. Ал уюм эмне иш аткарарын анын аткаруучу директору Акжолтой Элебесова бизге мындайча түшүндүрдү.

- «Негативдүү кредит алуучу» деген түшүнүк бар. Алар кредит алып, өз милдеттенмелерин убагында аткарбаган юридикалык жана физикалык жактар - проценттик ставкаларын же негизги сумманы төлөбөгөндөр. Биздин бюрону түзүүчү банктар жана компниялар бизге алар жөнүндө маалымат берип турушат. Биз алардын негизинде маалыматтардын базасын түзөбүз. Кредит берип жаткан мекемелер бизге кайрылышат, «баланча ишкана же адам жөнүндө силерде маалымат барбы, ал мурда акча алганбы, алса, канча алып, эмне үчүн төлөбөй койгон» деп. Биз маалымат базасынан карап көрүп, андай маалымат болсо, берип турабыз, - дейт Акжолтой Элебесова.

Анын айтымында, Улуттук банктын нормативдик материалдарында «негативдүү кредит алуучунун» толук аныктамасы бар. Республиканын баш банкы «негативдүү кредит алуучу» деп акчаны кайрып берүү мөөнөтүн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 30 күн ашырып жиберген кредит алуучуну эсептейт. Алар ишенимден чыккан ишкана же адам катары саналып, аларга банктар жана фондор дагы кредит берерде ойлонуп көрүүлөрү керек.

Акжолтой Элебесованын ырасташынча, байманалуу Батыш өлкөлөрүндө мындай мекемелер көп. Алар банктардын кредит тобокелчилигин азайтып, банк системасынын туруктуу иштешине жардам берет. КМШ өлкөлөрүнүн эч биринде Кредит бюролору азырынча түзүлө элек. Орусия, Казакстан, Украина жана Белорусия эми гана аны түзүүгө кам көрүп жатышат. Бизде болсо ал 1998-жылы Улуттук банктын алдында түзүлгөн болчу. Бирок анын иши жакшы жүргөн эмес.

- «Улуттук банк ал маалыматтарды алып алып бизге кысым жасайт, чара көрөт» деп банктар кредиттик бюрого маалымат беришпей коюшкан. Мен банктардын жетекчилери менен сүйлөшсөм, ала «биз канча кайрылсак да, бизге керектүү маалыматтарды таап бере албай коюшту» дешти. Ошондуктан банктар демилге көтөрүп көз карандысыз кредиттик бюро түзүштү, - дейт Акжолтой Элебесова.

Кредит бюросу азыр маалымат топтоону негизинен аяктап калды. Ал сентябрдан тартып банктарга жана кредиттик уюмдарга маалымат бере баштайт. Маалымат акчага сатылат.

Кыргызстанда кредиттин кайтарымдуулугу төмөн, экономикадагы чоң проблемалардын бири. Бир кезде айыл чарбасына деп берилген миллиарддаган сом кредиттердин жарымы да кайтарылып алынбагандыгын айтышат. Акча алам дегендердин баарына кредит бере берүүнүн айынан бир нече банк: «Агропромбанк», «Адил», «Акыл», «Инсан», «Меркурий», «Курулуш», «Бишкек», «Дыйканбанк» жабылып калды. Кредиттерди өндүрүү үчүн атайын «ДЕБРА» деген агенттик түзүүгө туура келди. Калган банктар алардын каталыгын кайталагысы келишпейт.

XS
SM
MD
LG