Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Орусиянын түрмөлөрүндөгү кыргыз атуулдарынын абалы


БИШКЕК. 30-август. Орусиянын жаза өтөө жайларындагы кыргыздарды Кыргызстандын түрмөлөрүнө которуу, ал эми бейкүнөө камакта отургандарын бошотуу боюнча иш-чаралар Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишембиде Орусиядагы кыргыздардын укуктарын коргоо боюнча иштеген «Акыйкат жолу» коомунан билдиришти. Коомдун маалыматы боюнча, учурда Орусиянын аймагындагы түрмөлөрдө 24 кыргызстандык атуул отурат. Өткөн жылы алардын төртөө бошотулган. Кыргызстандыктардын бир бөлүгү жасаган кылмыштары үчүн мыйзамдуу түрдө сот жазасына тартылышса, алардын айрымдары мыйзамсыз отурушат. Буга байланыштуу Екатеринбургдагы кыргыз консулдугу аларга тиешелүү укуктук жардамдарды көрсөтүүдө. Жакында 11 атуул Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана башкы консулдугуна аларды Кыргызстандын жаза өтөө жайларына которууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.

XS
SM
MD
LG