- Мага ордо калаа Бишкек, кыргыздын элдик музыкасы, меймандос эли, кол менен жасап койгондой укмуш кооз жерлери аябай жагат.
- Сиз таанышкан, баардашкан, чыгармаларын уккан музыканттардын ичинен кимдери жакты?
- Менин эң бир сүйүктүү ырчым деп Саламат Садыкованы эсептейм. Себеби, Саламат дүйнөдөгү эң бир улуу ырчылардын катарында турат. Комузчулардан болсо Самара Токтакунова, Намазбек Уралиев жана кыргыздын элдик музыкасынын кооз үлгүлөрүн аткарышкан «Камбаркан» этнографиялык ансамбли өзгөчө жагат.
Белгилүү музыка изилдөөчү Марк мырза жакында Нарында, Ысыккөлдө, Соңкөлдө, Бишкекте болду. Жергиликтүү музыканттар менен жолугушту. Алардан кезектеги жаңы альбом үчүн элдик музыканын кооз үлгүлөрүн тасмага жазып алды. Айрыкча Хамфрини төкмө акындар Тууганбай Абдиевдин, Амантай Кутманалиевдин, Элмирбек Иманалиевдин алымсабак айтыштары, ырдаган ырлары, черткен күүлөрү таң калтырды.
- Мүмкүнчүлүгүм, убактым болсо Кыргызстанга такай келип турууга аракеттенем. Мен кыргыз элине «байыркы, өтө бай, баа жеткис элдик музыкалык салтыңарды сактап, жаш муундарга өткөрүп бергиле» деген каалоомду айтмакчымын, – дейт баардашуубуздун соңунда мекенине аттанып жатып Марк Хамфри мырза.