Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин үнү деген үндү бүгүн Катардын “ал-Жазира” телеканалы угузду. Анда ал үн шиилердин лидери Мохаммад Бакир ал-Хакимди өлтүрүүгө Саддам Хусейн менен анын жактоочуларынын тиешеси жок экендигин билдирди. Бул үн бүгүн он миңдеген ирактыктар шиилердин лидери аятолла Мохаммад Бакир ал-Хаким менен коштошуп жатканда угузулду. Жума күнү Неджеф шаарындагы мечиттин жанындагы жардыруудан каза болгон Мохаммад Бакир ал-Хакимдин сөөгүн шиилер бүгүн колмо – кол көтөрүп отуруп, өзүлөрүнүн ыйык шаары Карбалага жеткиришти. Ал жерден сөөк шейшембиде Неджефке жеткирилип, ошол жерге коюлат. Неджеф шаарынын губернатору Хайдар Мехдинин кабарына караганда, жардырууну Саддам Хусейндин режимин жактаган адамдар уюштурган жана ошондой шек менен Ирактык төрт адам кармалды. Губернатор жардырууну иликтөөгө көмөктөшүүнү АКШнын федералдык тергөө бюросунан өтүндү.