Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Кашмир штатындагы кагылышта 12 киши набыт болду.


Экстремисттер Сринагарда индиялык аскерлердин лагерине кол салганга аракет кылышты. Атышуу учурунда алардын бири өлүп, калгандары из жашырып кетишти. Кашмирдин түндүк-чыгышындагы кагылыштарда экстремисттерден бешөө окко учту, индиялык солдаттардан үчөө жарадар болду. Ушул эле райондо куралдуу топ жергиликтүү беш тургунду атып кетти. Өткөн аптада индиялык аскерлер сепаратисттердин бир лидерин мерт кылышкан эле. Ошондон тартып экстремисттердин куралдуу аракеттери күч алды.

XS
SM
MD
LG