Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

Мыйзам чыгаруу жыйынында өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча маселе каралмак болду


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны бүрсүгүнү өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы жана В.И. Лениндин эстелигинин «Алатоо» аянтынан башка жакка жылдырылышы тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалыматын угат. Жыйынга премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, президенттик админстрациянын жетекчилиги чакырыла турган болду. Мындай мазмундагы токтом Мыйзам чыгаруу жыйынынын кечээки, жайкы эс алуудан кийинки алгачкы жыйында кабыл алынды. Отурумда «Коммунисттер» фракциясынын өкүлдөрү жана Турдакун Усубалиев, Махмуд Күчүков, Алымбай Султанов, Акылбек Жапаров, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров ж. б. депутаттар өкмөттүн соңку мезгилдеги аракеттерине сын айтышты. Алар В.И.Лениндин эстелиги тууралуу мыйзамдын бузулушу тууралуу өкмөт башчысынын түшүндүрмө беришин талап кылышты.

XS
SM
MD
LG