Молдо Калбек Муса уулу ХIХ кылымда жашап өтүп, ал Кокон хандыгынын учурундагы көптөгөн окуяларга күбө болуптур. Ал айтылуу Алымкул аталыктын жанында жүрүп, өз ырында анын эрдиктерин даңазалап, анын өлгөнүнө кайгырып, жаназасына катышканын:
«Аскер башчы Алымкулга тийди.
Киндик астына ок жаңылды, о шумдук!
Жыгылбай турду Алымкул айкырып.
Ал: «Менден оомат кетти», - деди.
Жан чыкты курман болгон денеден...
Көмүү учурунда жөн карап турбадым
Аза күтүп, мактоо ырын ырдадым», - деп жазган. Молдо Калбек Алымкул аталык менен улутташ гана эмес, жакын тууган да болгонун, аны акыркы сапарга узатып жатканда:
«Берген тузуңа ыраазы бол, жакын тууганым, кош бол!
Айрылып калды сенден Мулла Калбектей пенде.
Перзенттериң, мал-мүлкүң калды, кош бол!» - деп, жакын тууганы менен коштошуп жатып, аны ырга кошкон.
Молдо Калбек Кокон хандыгынын акыркы учурундагы окуяларга, тактап айтканда 1873-74-жылдары Базаркоргондо Мамыр Мерген уулу жетектеген боштондук күрөшкө да катышып, ал тууралуу өз ырында:
«Хан, бектердин залимдиги ашып,
Адилет жолунан чыгышты адашып.
Беш жүз кою кай биринин,
Катталбады барагына зекет дептеринин.
Зекетчилер уруп-согуп тартып алышат,
Даттанып келсе бирөө, эч ким укпайт.
Кыскасы, Мамыр аттуу Мерген уулу
Мурда он зекет казынага берген», - деп, андан ары хандыктагы боштондук кыймылды, күрөшкө чыккандардын жазаланышын баяндаган.
Молдо Калбек 1878-жылы Жетим хандын козголоңу учурунда Мамыр Мерген уулу менен бирге Базаркоргон аймагында Орусия ээлигине каршы боштондук күрөшүнө аралашкандыгы үчүн 10 жылга Сибирге сүргүнгө айдалып, жаза мөөнөтүн толук өтөп, өз мекенине кайтып келген. Бул окуя тууралуу Молдо Калбек мындай деп жазган:
«Абакта, шордуу, солдат колунда
Туткунмун Орусия каапыр элинде.
Бул ташпиш өткөн Жылан жылдын кышында,
Сана - миң эки жүз токсон бешинде.
Сүргүнгө айдалдым Ислам жеримден,
Болуп аким бизге Орусия каапыр,
Жазып калдым кеңири мен бир баян.
Максатым көпчүлүккө болсун аян.
Билдирейин деп баарын койдум максат.
Орус журтунда он жыл саар-кеч
Түрмөгө отургузду орус шаасы,
Ашык-кеми жок он жыл кайтпастан эч.
Сүргүнгө айдашты жалаа менен
Шылтоосу – «Мамурга кошулду» деген.
Кайгы менен өткөрдүм тиричилик,
Карап көр ал жазылган көк дептерден», - деп, Сибирге сүргүнгө айдалганынын себебин жана мезгилин өзү ачык жазып калтырган.
Молдо Калбек жазган «Сана - миң эки жүз токсон бешинде, Жылан жылында» дегени 1878-1879-жылдын кыш айларына туш келет. Молдо Калбек 10 жыл бою Сибирде көргөн кордугун ырга кошуп, көк дептерге түшүргөн. Ошентип, Молдо Калбектин өмүр таржымалы ал ар кайсыл учурларда боштондук күрөшкө активдүү аралашып келгенин, өз мезгилинин чыгаан инсандарынын бири экенин бышыктап турат. Ал тоо булбулу Токтогул Сатылгановдон 20 жыл алдын, 1878-1888-жылдары 10 жыл сүргүнгө Сибирге айдалган кыргыздын жазгыч акыны.
Өз учурунда анын чыгармалары, башынан өткөргөн оор тагдыры коомчулукка маалым болбой, ал кыргыз адабиятынан татыктуу өз ордун таппай келген. Ал элдин эркиндиги үчүн күрөштөргө аралашып, акыры Сибирге 10 жылга сүргүнгө айдалганы жагынан тоо булбулу Токтогул Сатылгановдон ашса ашат, андан кем калбайт. Жазгыч акындыгы жагынан Молдо Нияз, Тоголок Молдо, Молдо Кылычтын катарынан татыктуу орун тапчудай. Айтылуу акындын урпактары бүгүнкү күндө Ноокен районунун Сакалды айылынын жанындагы Чоңбагыш айылында жашаары жакында белгилүү болду. Бизге ал тууралуу кабарлаган Меңдикулов Мураттын билдиргенине караганда, Мураттын атасы Меңдикул, анын атасы Рыспай, Рыспайдын атасы Молдо Калбек Муса уулу болгон экен. Меңдикулов Мураттын ырастоосуна караганда, акындын дагы бир кол жазмасы Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Пайтак айылында сакталып келип, аны Совет доорунда да туугандары алалбай койгон экен. Учурда анын жалгыз кол жазмасы Ташкендеги Чыгыш таануу жана кол жазмалар институтунда сакталуу турат. Ал эми акындын өзү ХIХ кылымда жашап өткөн өзбек акыны катары Өзбекстандан жарык көргөн илимий жана окуу китептеринде белгиленип келет. Балким кыргыз тарыхына тактоо киргизилип жаткан быйылкы мамлекеттүүлүк жылында анын кол жазмасын Ташкенден алдырып, ага байланыштуу архивдик маалыматтарды толуктап, жаңыдан ысмы аныкталган дагы бир жазгыч кыргыз акындын чыгармаларын талдап, өмүр таржымалын, ырларын эл арасынан жыйнап, кайрадан элге жеткирүү учуру келди окшойт.