Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:15

ЖАШ АКЫН АКЫЛБЕК МАМАДАЛИЕВДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ


Жаш акын Акылбек Мамадалиев - учурдагы жаштар поэзиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнөн. Акылбек азыр 23 жашта. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин жаңы эле аяктап, «Чатыраш» аттуу адабий, маданий жана медициналык нуктагы гезит ачып, бир жагынан ыр жазып, поэзияда изденип келет.

Алгач жаш акындын жан-дүйнө жайын ырдаган сырдакана бир ырын окуп көрөлү.

«Билбеске дайын болоор ким экеним.
Билемин, чыгаша эмес, кирешемин.
Өмүрүм өткүчөктү чындык үчүн,
Өкүмү күчтүү менен тирешемин.

Билбеймин тереңдигим, тайыздыгым.
Билемин, баштан ашат арыз-муңум.
Атылган октой учкан бир ааламдан,
Атамдын төлөп берем карыз-кунун.

Билбеймин дагы канча өмүр сүрөм.
Билемин, катылганга октой тием.
Абийрим көтөрө албайт ушактарды,
Ак сөздү бузгандарды соттоп ием» деген учкул саптар окуган адамдын көңүл кирин жууп, тазалыкка, бийиктикке таазим эттирип, тамшантат. Жөнөкөйлүгү, нукуралыгы менен көңүлгө уюйт. Албетте, жаш акын Акылбек Мамадалиевдин басымдуу ырлары – ашыктык ырлары. Ашыктык ишинде арман ант алгандай ээрчип жүрөт эмеспи. Ошол ашыктык арманы жаш акындын да жүрөгүн чарпып өткөндөй…

«Куу турмуштун кургуюна түштүм мен,
Ит ичпеген ичимдикти ичтим мен.
Ойдо жоктон ойрондолуп тилегим,
Өзөк күйүп, кан өтүүдө ичимден.

Жадагалса чоочуп турам түшүмдөн,
Бир жан жоктой мени туура түшүнгөн.
Асмандагы Ай баткандай нерсе экен,
Ажырасаң арзып күткөн сүйүүдөн.

Күлкү сунган кыздын атын кайталап,
Арга таппай чебелектейм кайсалап.
Көөдөндөгү дүкүлдөгөн жүрөгүм,
Көйгөйүмдүн көп экенин жар салат.

Мен ыйласам, күлүп турат жан-жагым.
Качан бүтөт жан кейиткен жаңжалым?
Жазмышыма жазылганын көрсөм да,
Түк эсимден чыкпай койду жалжалым.

Кайгылуу бир каарманындай жомоктун,
Капысынан бар бактымды жоготтум.
Бул жалганда Акмөөрүнө жетпеген,
Тагдырлашы өңдөнөмүн Болоттун».

Акылбек азырынча ыр китебин чыгара элек. Ыр жаратууда өтө этияттык, дыкаттык менен изденип иштегиси келет.

- Жашымдан ата-энемден ажырадым, - дейт Акылбек Мамадалиев. - Аларга болгон бүтпөс кусалыгым мени ырга жакындатты окшойт. Ата-энеме арналган ырларым көкүрөгүмдө жазылганы менен, кагазга түшүрүлө элек. Ата-энемин элесине татыктуу ырларды жазып-топтоп, анан жыйнагымды чыгарсам деген оюм бар.

Биз да жаш акындын өз максатына жетишине тилектешпиз.
XS
SM
MD
LG