Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

РАСМИЙ МИНСК ОБСЕнин ӨКҮЛҮН БЕЛАРУСКА КИРГИЗБЕЙ КОЙДУ


25-августта Беларус бийликтери ОБСЕнин маалымат каражаттары боюнча өкүлү Фреймут Дувеге өлкөгө кирүү визасын берүүдөн баш тартты. Бул расмий Минск менен уюм ортосундагы биринчи чатак эмес. Акыркы кезде өлкөнүн эркин прессасына болгон кысымдын күч алышы президент Лукашенканын конституцияны өзгөртүп, үчүнчү мөөнөткө бийликте калууга мүмкүнчүлүк алууга багытталган кампания катары бааланууда.

Фреймут Дуве Минскиге ОБСЕнин Беларустагы кеңсесинин жетекчиси Эберхард Хейкендин чакыруусу боюнча эки күндүк сапар менен барууну болжолдогон. Ал кызмат мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу беларус журналисттери менен жолугушууну көздөгөн эле. “Мен көп жылдардан бери такай колдоп жүргөн эр жүрөк беларус журналисттери менен коштошууга Минскиге барууга уруксат берилбегендиги үчүн абдан өкүнөм”, - делинет ОБСЕнин 25-августтагы билдирүүсүндө.

Беларустун тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Андрей Шупляктын кабарчыларга маалымдашынча, Дувеге виза берүүдөн баш тартылган жок. Тек гана ага визит мөөнөтүн жылдыруу сунуш этилген. Шупляктын ырастоосунда, өкмөт ОБСЕ менен кызматташууга кызыкдар, бирок сапарды даярдоого Беларус бийлигинин өкүлдөрү да тартылууга тийиш болчу. Минск өкмөтү Дувенин өлкөгө келүүсү 13-17-сентябрда өтүүчү демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча семинарга же маалымат каражаттары боюнча жаңы мыйзамдын кеч күздөгү парламенттик талкуусуна дал келсин деген сунуш менен чыкты.

ОБСЕнин өкүлү Беларус жетекчилигинин мындай таңуулоосун четке какты. “Менин мандатым өкмөт тарабынан таанылган соң, ал өлкөдөгү сөз эркиндиги жөнүндөгү билдирүүлөрүмө кулак салып, аларга жооп бериши керек”, - деди Дуве. Дээрлик алты жыл илгери кызматына киришкен дипломат Беларуста массалык маалымат каражаттарынын абалына байланыштуу такай нааразылыгын билдирип келген.

Бул соңку окуя 1992-жылы ОБСЕге мүчө болуп кирген Беларус менен эл аралык уюм ортосундагы биринчи чатак эмес. 2002-жылы расмий Минск ОБСЕ өлкөнүн ички иштерине кийгилишүүдө деп, уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин визасын узартуудан баш тартып, иш жүзүндө аны жаап салган болчу. Өткөн декабрда жергиликтүү бийлик ОБСЕ өлкөдө жүргүзгөн программалары жөнүндө аны толук маалымдар кылып турат деген шарт менен топтун ишмердигин улантууга уруксат берген.

Акыркы кезде президент Лукашенканын өкмөтү жергиликтүү прессага, чет элдик кабар агенттиктери менен уюмдарга кысымын күчөткөнү байкалууда. Июлда АКШнын өкмөттүк эмес уюму АЙРЕКСтин аккредитациясын узартуу суранычы ал оппозициячыл саясатчылар менен маалымат каражаттарын каржылоодо деген шылтоо менен орундатылбай, уюм өлкөдөгү ишмердигин токтотууга мажбур болду. Ошол эле июл айында Беларус жетекчилигинин көрсөтмөсү менен Россиялык НТВ каналынын Минскидеги корпункту жабылды.
Хелсинки комитетинин Минскидеги бюросу болсо Беларустун салык департаменти тарабынан финансылык жактан катуу текшерүүгө алынууда. Бюронун жетекчиси Татьяна Протсканын айтымында, өлкөдөгү дагы башка 20 чакты өкмөттүк эмес уюм ушундай эле көзөмөлгө дуушар болууда.

Өткөн айда президент Лукашенка өкмөттүн жыйыныныда расмий идеологияны иштеп чыгуу керектиги жөнүндө демилгеси менен чыкты. Анын айтымында, мамлекеттин контролу астындагы ошондой идеология беларус элин ар кандай “жугуштуу илдеттерден” сактап калууга жардам бермекчи. 2004-жылдан баштап өлкөнүн жогорку окуу жайларында “Беларус идеологиясынын негиздери” деген сабак окутулмакчы.

Беларустун эркин журналисттери болсо совет мезгилин эске салган өкмөттүн мындай кадамдарына каршы чыгууга даяр экендиктерин айтышууда. Беларустун журналисттер кошуунунун төрайымы Жанна Литвина “Азаттыкка” берген маегинде билдиргендей
ушул айдын этегинде алар нааразылык акциясын өткөрүүнү пландап жатышат:

- Журналисттер менен тилектештик күнү 19-сентябрда өткөрүлө турган акция “жабык гезиттердин күнү” болуп каламкчы. Биз гезиттерди, радиостанцияларды жаба алсаңарда журналисттерди өз кесибинен четтете албастыгыңарды дагы бир жолу далилдеш үчүн чогулганы жатабыз.
XS
SM
MD
LG