Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Кытай менен Кыргызстандын башкы прокурорлору жаңы протоколго кол коюшту


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын жана Кытайдын Жогорку элдик прокуратурасынын ортосунда кызматташуу ниетин ырастаган протоколго кол коюлду. Протоколго кол койгон Кыргызстандын башкы прокурору Мыктыбек Абдылдаев менен Кытайдын башкы прокурору Цзя Чуньван эки өлкөнүн мыйзам көзөмөлдөө тармагындагы кызматташтык туурасында пикир алмашышты. Эки өлкөнүн башкы прокурорлору жолугушууда Кытай менен Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматташтыгы акыркы 2 жылдын ичинде жакшы өнүгүп жаткандыгын белгилешти. Буга чейин 2001-жылы Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган. Кытай менен Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматташуусу негизинен эл аралык террорчулукка, баңгизаттардын жолуна бөгөт коюу аракетине байланыштуу.

XS
SM
MD
LG