Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

ОШТОГУ ҮЧ КАБАТ БОЗ ҮЙДҮН ТАГДЫРЫ


Кожогелди Култегин, Ош «Манас-1000» мааракесинде оштуктар чыгармачылык менен жасап тиккен, учурунда сенсацияга ээ болуп, кийин кайра ың-жыңсыз жоготулган 3 кабат боз үй Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык майрамына карата кайрадан калыбына келтирилди.

Бул үч кабат боз үй эң оболу облус жетекчилеринин саясий интригалык жосундарынын курмандыгы болуп, 7 жыл бою жертөлөдө чирип жатканын ар ким эле биле бербесе керек. Тактап айтканда, Жаныш Рустенбековдун жетекчилиги менен жасалган бүтүлүү ишти кийинки губернатор Амангелди Муралиев жертөлөгө тыктырып тынган. Үйдүн азыркы калыбына келтирилиши баарыдан мурда аны 15 жылдык ижарага алган «Ак элечек айымдар» коомунун төрайымы Патила Жусуеванын патриоттук эмгеги десек болот. Үч кабат боз үйдү кандай сапатта кабыл алгандыгын ал мындайча баяндады:

- Керегелери жөн эле чогулган таяк болуп калган экен, түркүктөрү, түндүгү эле калыптыр. Чийлери, килемдери чириген, кийиз туурдуктары такыр жок экен. Манас атанын айкелдери түрмөгө түшүп, колу-бутун кестирип ийген эр азамат баатырлардын түрмөдө жатып чыга албай турганындай кебетеленип көрүндү. Апрелден баштап кириштик. 12 студент бала жана 42дей чебер уста иштеп, 4 айдын ичинде бүтүрдүк. Өтө майда иш экен, чийлерин оңдоп токудук, керегелерди кайра оңдоп көктөдүк. ОшМУнун тарых факультетинин деканына аябай чоң ыраазычылыгымды билдирем. 40тай студент кыздарды берди. Алар жээктерин өрүп берди. Анан дагы кадамжайлык байбиче Нартат деген киши аябай жардам берди, 16 кыз-келинден боо соктуруп берип турду. Бардыгы акчасын алды. Мага накталай эле жардам бергени шаардын акимияты 40 миң сом берди, губернатор музейге берген. Ал музейдин чекесиндеги фундаментин куйган, андан башка эч нерсе кылган жок, 50 миң менен. Калганы бүт өзүбүздүн эле каражат болду. 3 үйүбүздү коюп, биз кредит алдык. Андан кийин машинабызды коюп кредит алдык. Андан тышкары 10 кыргыз үй саттык. Усталарга кеткен тамакты эсептебегенде 600 миң кетти.

Бул үч кабат боз үй «Манас-1000де» жалаң жыгачтан курулуп элди таңдандырса, азыр металл аралаштырылып тигилгенин Патила Жусуева жашырган жок:

- Сүрөттөрдүн арасы бүт металл, себеби үй кыйчылдап токтобой, термелип туруп алды, анан металл менен чырмадык. Түбүн да, ар бир тросунун ортосун да металл менен чырмадык. Металл 70% болуп калды.

Үч кабат боз үйдүн жети жылдан соң кайрадан тигилишине анын негизги авторлорунун бири, белгилүү окумуштуу Лутфилла Жусупакматов нааразы да, ыраазы да. Нааразылыгы - үйдүн мурдагы илимий-этнографиялык маани-маңызы аябай эле кемиген, 70% темир менен курулган жана автордук укук тебеленип жатат. Ыраазылыгы - улуу эмгек А. Муралиев каалагандай түп-оту менен жоголуп кетпестен, кайра баш көтөрүп отурат. Лутфилла Жусупакматов Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгында дагы бир сенсация жаратайын деп, 7 кабат боз үйдүн долбоор-макетин иштеп чыккан. Ал тууралуу окумуштуу өзү мындай дейт:

- Монолиттүү түрдө курула турган вариантын иштеп чыкканмын. 2200 жыл ичиндеги кыргыз кагандарынын, султандарынын, хандарынын, падышаларынын айкелдери, орусча айтканда матрешка түрүндө жасалып келип, ичине ошолордун санжырасы кошо салынып, туулары илинип коюлушу керек эле. Мамлекеттик катчы алдырып кеткен болчу. Кийин мага ушундай кат келди, «мамлекеттин каржылай турган акчасы жок, куралбай калдык» деген.

XS
SM
MD
LG