Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Тони Блэр Ирак согушу адилет болгонуна бекем ишеничте


Иракка каршы согуш адилеттүү болгонуна бекем ишенимде экенин Британиянын премьер-министри Тони Блэр бүгүн дагы бир жолу билдирди. Анын айтымында, Иракта кырдаал «олуттуу», өлкөдөгү террордук чабуулдарды Саддам Хусейиндин «майда тарапкерлери» уюштуруп жатат:

- Британиялык жана америкалык күчтөргө, ошондой эле көпчүлүк ирактыктарга каршы Саддам Хусейиндин майда тарапкерлери террордук актыларды уюштуруп жатат. Мына ошолор диний лидерди, Ирак жарандарын өлтүрүп, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнө террордук чабуул уюштурушту. Алар, Британия менен АКШнын Иракта коопсуздукту камсыз кылуу аракетине тоскоол кылып жатышат.

Ал эми Британиянын коргоо министри Жэф Хун Ирактагы 11 миң британ аскерлеринин санын дагы 5 миңге көбөйтүү жагы каралаарын бүгүн билдирген.

XS
SM
MD
LG