Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Ош облусунда Аксы окуяларын чагылдырган китепти сатууга бөгөт коюлууда


ОШ. Журналист Нурадил Бакашевдин былтыркы Аксы окуяларын чагылдырган «Аксыдан аккан кан, үзүлгөн Үзөнгүкууш» аттуу китебин Ош облусунун Каракулжа жана Өзгөн райондорунда Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) кызматкерлери саттырбай жатышат. Бул жөнүндө бүгүн «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Кегин Макеев билдирди. Анын айтымында, июль айында Каракулжа районунда китеп сатуучуларга жеткирилген китептердин 60 нускасын жергиликтүү улуттук коопсуздук органынын кызматкерлери тартып алып коюшкан. Өзгөн районунда да УККнын кызматкерлери китепти сатыкка чыгарбай жатышат. «Мен бул боюнча кабарды Каракулжага барып, УККнын кызматкерине жолугуп сураганымда «тартып алганыбыз чын, муну Каракулжа районунун акими Тажибаев Рашиддин көрсөтмөсү боюнча тартып алдык» деп айтышты», – дейт Кегин Макеев. «Аксыдан аккан кан, үзүлгөн Үзөңгүкууш» китебинин 700дөн ашуун нускасы Каракулжа, Өзгөн райондоруна жеткирилип, көпчүлүгү бекер таркатылган.

XS
SM
MD
LG