Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

ШКУга кирген өлкөлөрдүн башкы прокурорлору Бишкекте чогулушту


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун экинчи отуруму болуп өттү. Жыйынга бул уюмга мүчө болгон Кытайдын, Орусиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын башкы прокурорлору менен күч органдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында ШКУнун алкагында эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгизат жана курал-жарак сатууга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш маселелери каралды. Отурумга катышкандар ШКУдагы мамлекеттердин прокуратура органдарынын эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча кызматташтыгын жакшыртуунун жолдору талкуулашты. Жыйындын соңунда башкы прокурорлор өз ара кызматташууну күчөтүү жөнүндөгү протоколго жана уюмдун башкы прокурорлорунун отурумдарын өткөрүү тууралуу регламентке кол коюшту.

XS
SM
MD
LG