Бүгүн Ирандын Улуу Британиядагы элчиси өз ордуна кайтып барды. Элчи Ирандын Аргентинадагы мурдагы элчиси Сулайманпур Улуу Британияда камакка алынгандан кийин өз өлкөсүнө кеткен болчу. Сулайманпурду Аргентинанын өкмөтү 1994-жылы жөөттөрдүн Буэнос Айрестеги борборун жардырууга катышы бар деп кинелеп, кармап берүүнү Улуу Британиядан өтүнгөн эле.