Кыргыз Республикасы эркин өлкө боло баштагандан бери кыргыз өнөрүнүн биринчи маданият күндөрү Орусияда өткөнү турат. Бул салтанаттуу окуя 22-сентябрда башталып, бир жума жүрөт. Буга 200дөн ашуун маданият кызматкерлери катышканы турат. Иш-чарада айрыкча Кыргызстандын өз алдынча боло баштагандан берки ыр-бийлери, мектептери, кинолору жана сүрөттөрү москвалык көрүүчүлөргө кеңири көрсөтүлөт. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият министринин орун басары Султан Раев буларга токтолду:
- Мен кечээ жакында Москвага барып келип, Орусиянын маданият министринин биринчи орун басары В. Молчанов экөөбүз токтомго кол койдук. Маданият күндөрү 21-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтө турган болду. Ал эми 22-сентябрда кыргыз маданиятынын ачылыш күндөрү болот. Бул ачылыш эки мамлекеттин ортосунда чоң деңгээлде башталат. Буга Орусиянын президенти Владимир Владимирович Путин менен Кыргызстандын президенти Аскар Акаев катышат. Ушул эки президенттин сөзү менен салтанаттуу ачылыш болот. Биздин искусство чеберлери концертти атактуу Чоң театрдын сахнасында өткөрүшөт. Буга чейин мурдагы союздук республикалардын искусство чеберлерине мынчалык көңүл бурулган эмес. Кыргыз Республикасына өтө чоң көңүл бурулуп атат. Чоң маани берилип жатат. Буга чейин Москванын Чоң театры мынчалык эч кимге берилген эмес. Чехияга, Молдавияга, Украинага, Казакстанга мынчалык көңүл бурулган жок. Кыргыз мамлекетине мындай көңүл буруу - албетте, дагы айтам, чоң сыймык.
- Менин оюмча, тарыхый экспонаттар да барса керек. Бул боюнча Москвадан адистер келип, көрүп кетишкен жокпу?
- Москвадан өзүнчө адистер келип, биздин экспонаттарды көрүп кетишти. Көргөндө аябай резонанс болду, алар үчүн. Көрсө, бизде аябай уникалдуу экспонаттар бар экен. IV-VI кылымдарда жасалган алтын, күмүш экспонаттар аларды таң калтырды. Ошол экспонаттар аябай кызыгуу туудурду. Биз үчүн бул да абдан чоң көрүнүш болду. Ал эми биздин сүрөт өнөрүбүз Москвадагы Чыгыш маданиятынын музейинде көрсөтүлөт. Азыркы биздин классиктердин, ошондой эле биздин орус авангардисттеринин сүрөттөрүн алып баратабыз. Бул эмгектер Москванын музейлеринде жок. Ошого кыйла резонанс болуп, азыр маданият күндөр баштала элек болсо да, Москванын гезиттеринде Кыргызстан жөнүндө чоң сөз болуп жатат.
- Москвага жазуучулар да барганы жатышса керек. Мисал үчүн, кимдер барышат?
- Маданият тармагынын алкагында адабий жолугушуулар да болот. Китептердин көргөзмөсү болот, Орусиянын улуттук китепканасында. Ошондой эле жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун москвалык окурмандар менен жолугушуусу болот. Ал жерде боло турган биздин жазуучулардын тизмеси азыр такталып атат, алар мурунку адабий байланышты чыңдап келет деген ойдобуз. Ошондой эле биздин өнөрүбүз жөнүндө да сөз болот. Москванын Кино үйүндө Кыргызстандын эң мыкты деген кинолорун көрсөтөбүз. Ага чейин Орусиянын бүткүл каналдары бир ай мурун Кыргызстандын көркөм жана даректүү фильмдерин көрсөтө баштайт. Кыргызстан жөнүндө чоң пропаганда, кызыктуу көрсөтүүлөр болот.
Токтогул атындагы улуттук филармониянын директору, таланттуу солист Керим Турапов да мына ушул маданият күндөрүнө барган атат. Анда анын оюн уксак:
- Баарыбызга белгилүү, эки өлкөнүн маданий байланышы эки президенттин бул багытта кол койгон келишимдеринин натыйжасында болуп жатат. Бул биз үчүн, кыргыз эли, кыргыз маданияты үчүн чоң жаңылык деп эсептейм. Өткөн жылы Орусиянын маданият күндөрү Кыргызстанда болуп өткөн. Ал күндөр уюшкандык менен жогорку деңгээлде өткөн. Ырчылар, бийчилер, саясий жана маданий кызматкерлер катышкан. Эми кезек бизде, ошон үчүн азыр даярдануу учурундабыз. Маданият күндөрү боюнча айрыкча филармонияга көбүрөөк милдет жүктөлгөн. Анткени филармониянын жамааты бул маданий күндөргө көбүрөөк барат. К.Орозов атындагы оркестрдин дээрлик бүт курамы барат, белгилүү инсан Эстебес Турсуналиев, СамараТоктакунова, Анарбек Ибраев сыяктуу көптөгөн ырчылар, ошондой эле «Ак марал» бий ансамбли да барат. «Ак марал» москвалыктарга дурус оюн көрсөтөт деп ойлойм. Биздин чоң залда эртең мененки саат 9дан кечке чейин даярдык көрүлүүдө.