Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ ЭКОНОМИКАНЫН АБАЛЫ ЖӨНҮНДӨ ӨКМӨТТҮН МААЛЫМАТЫН УГУП ЖАТАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбү күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, бул жөнүндө талкуу башташты.

Каникул учурунда өз шайлоочулары менен жолугушуп келишкен Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары дүйшөмбү күнкү өткөрүлө турган отурумуна өкмөттү чакырып, өлкөнүн экономикасынын абалы жөнүндө пикир алышууну чечкен болчу. Спикер Абдыганы Эркебаев аны өкмөттүн отчетун эмес, маалыматын угуу деп түшүнүү зарыл экенин эскертти. Анткени, анын айтымында, палата жакында эле каникулга кетээр алдында өкмөттүн отчетун уккан. Премьер-министр Николай Танаев өзүнүн 30 мүнөттүк сөзүндө, мурда бир нече жолу айтылгандай, инфляциянын төмөн экенин, сомдун курсунун туруктуу болуп жатканын, өлкөнүн өнөр жайында жана айыл чарбасында өткөн жылга салыштырмалуу жакшы өсүү болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 8 айдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продуктусу Кумтөрдү кошуп эсептегенде 3%, кошпогондо 1,1% өскөн. “Жыл аягында өсүш 6% кем болбойт” деп ишендирди өкмөт башчысы. Премьер-министр жакшы өнүгүп жаткан тармак катары кызмат көрсөтүү тармагын атады:

- Январь-июнь айларында кызмат көрсөтүүнүн реалдуу өсүш темпи 5,9% жетти. Бул 1992-жылдан берки жогорку көрсөткүч болуп саналат. Кызмат көрсөтүүдө маанилүү роль туризм тармагына тиешелүү. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча туризм тармагында иштеген чарбалык субъектилер, өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда, 475ке көбөйүп, 4,1 миңге жетти. Алардын чет өлкөлүк жарандарды тейлөөдөн түшкөн кирешеси январь-июнь айларында 12 млн. долларды түздү.

Өкмөт башчысынын сөзү цифралар менен жык коштолуп, чыны менен эле маалымат түрүндө болду. Анда экономиканын абалына жалпы баа берүү, андагы болуп жаткан процесстерди талдоо, оң жана терс көрүнүштөрдү аныктоо байкалган жок. Ошондуктан анын маалыматынан экономикада баары жайында болуп жаткандай, депутаттар өкмөттү өзүнө чакырып, бул маселени караганга негиз жоктой түр калат. Бирок айрым депутаттар буга макул эмес. Алардын бири депутат Марат Султанов:

- Өкмөт азыр грипптин вирусун жуктуруп алып, бирок оору баштала электей абалда турат. Проблемалар чынында бар. Проблема ошол эле бюджеттин тартыштыгында. Бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калды. Чыгаша бөлүгүн аткарууда да кемчиликтер кетти. Мисалы, социалдык маселелерди алсак, жөлөк пулдар берилбей жатат. Ал эми тойлор болсо өтүп жатат. Элет жеринде жашаган эл: “Эмне үчүн бизге жөлөк пул берилбей жатат?

Премьер-министр бюджеттин тартыштыгы тууралуу эч нерсе айткан жок. Депутаттар “учурдун актуалдуу маселелеринин бири” деп эсептеген сомдун курсунун өсүшүнүн экспортко тийгизген терс тааасири тууралуу Николай Танаевге суроо берилгенде, мындай деп чектелди:

- Ишканалардын 6% гана экспортко иштейт. Биз мониторинг жүргүздүк. Ал практика жүзүндө экспортко таасир тийгизген деле жок.

Депутаттар өкмөт башчысына көптөгөн суроолорду беришти. Суроолордун көпчүлүгү алардын шайлоо округдарында чечилбей жүргөн конкреттүү маселелерге байланыштуу болду. Дүйшөмбү күнү депутаттар маалымат боюнча талкуу башташты. 3 депутат чыгып сүйлөп, алардын бири Темир Сариев өлкөдө салык саясаты адилет болбой жатканын белгиледи. Депутат өлкөнүн ички дүң продуктусунун көбүн берген айыл чарбасы жана “Кумтөр” алтын комбинаты салыктан бошотулуп, алардын жүгү башкалардын мойнуна артылып жаткандыгын, ошондуктан калган тармактар үчүн салык оор болуп жаткандыгын белгиледи. Шейшемби күнү депутаттар талкууну улантышмакчы.

XS
SM
MD
LG