Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Баткен шаары жаңы мектепке муктаж


БАТКЕН. Баткен облус болуп түзүлгөндөн бери калктын саны кескин өсүп кетип, анын борборуна жаңы мектеп куруу зарылдыгы пайда болду. Бирок облустук билим берүү башкармалыгынын бул багыттагы сунушу бийлик тарабынан колдоо таба элек. Учурда облус борборундагы эки мектептин башталгыч класстарында окуучулардын саны кескин көбөйүп, окуу бөлмөлөрү жетишпей, мындай абалдан мектептер кошумча окуу бөлмөлөрүн ачуу менен эптеп чыгышууда.
Баткен шаар башкармалыгынан ушул эле күнү алынган маалыматка караганда, облус борборуна айлангандан бери шаар калкынын саны эки эсе көбөйгөн. Маселен, 1998-жылкы маалымат боюнча мурдагы Баткен айыл өкмөтүндө 10377 адам жашаган болсо, Баткен айылы облус борборуна айланып, шаар статусун алган соң калкынын саны 14 миңге жеткен. Ал эми бүгүнкү күндө облус борборунда 21705 адам жашайт.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG