Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

АКШ келээрки жылы Ооганстанда жаңы долбоорду турмушка ашыра баштайт


Айданбек Акмат уулу, Прага АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд кечээ күнү президент Хамид Карзай менен Кабулда жолугушуп, Вашингтон Ооганстандагы абалды жакшыртуу үчүн жумшалчу каражаттын көлөмүн көбөйтөөрүн билдирди. Ал каражат Вилайеттерди Кайра Куруунун Топтору деп аталган долбоор аркылуу өлкөгө келмекчи.

АКШнын президенти Жорж Буш жекшембидеги калкка кайрылуусунда, Акүй келээрки жылга Ирак жана Ооганстанды калыбына келтирүүгө 87 миллиард доллар карап жатканын маалымдаган. Анын ичинен 66 миллиард доллар бул эки өлкөдөгү АКШнын аскерлерин каржылоого жумшалат. 66 миллиард доллардын 11 миллиарды Ооганстандагы аскерлерге чыгымдалат. Иракты калыбына келтирүү долбоорлоруна 20 миллиард, ал эми Ооганстандагы ушундай иштерге 800 миллион доллар каралууда.

Мына ушул 800 миллион доллар Вилайеттерди Кайра Куруунун Топтору деп аталган долбоордун алкагында келерки жылы өлкөнүн борбору Кабулдан башка аймактарда калк турмушун жакшыртууга жумшалат.

Доналд Рамсфелд менен сүйлөшүүлөрдө мындай кабарды уккан Ооганстан президенти Хамид Карзай сүйүнүчүн жашырбай мындай деди:

- Доналд Рамсфелд, Вашингтон Ооганстанды колдоосун улантаарын билдирген жакшы кабар менен келди. Биз сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин терроризмге каршы биргелешип күрөшүүсүнүн жолдорун,Улуттук Аскерди машыктыруу жана башка маселелерди талкууладык. Бирок биз үчүн өзгөчө маанилүүсү Вилайеттерди Кайра Куруунун Топтору долбоору болуп жатат.

Ооган калкынын турмушун жакшыртууга багытталган бул долбоорду турмушка ашырууга АКШ жетектеген коалициялык күчтөр катышат жана алар азыркы учурда эле бир катар жерлерде бузулган жолдорду, суу чарбасын жана мектептерди оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Бул деген долбоорду бүтүндөй эле аскерлер аткарат дегенди билдирбейт, алар элге социалдык инфраструктураларды оңдоого жардам берет жана долбоор мыйзам сактала бербеген аймактарда коалициялык күчтөрдүн, ооган улуттук аскеринин жайгашуусуна шарт түзөт, - дейт Доналд Рамсфелд.

АКШ тарабынан түзүлгөн жаңы долбоор Ооганстандын борбордук бийлигин чыңдоо максатын да көздөөрүн Доналд Рамсфелд билдирди:

- Биз ооган өкмөтү өлкөнүн бардык аймагына толук көзөмөл жүргүзүп, ар кандай жолдор менен, анын ичинде Вилайеттерди Кайра Куруунун Топтору долбоорунун жардамы менен улуттук өкмөткө айлануусуна өтө кызыкдарбыз.

АКШ бул долбоорго Ооганстанды калыбына келтирүүгө катышып жаткан башка мамлекеттер да өз салымын кошот деп күтүүдө. Ага үндөө максатында мамлекеттик катчы Колин Пауэлл ушул айдын этегинде бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Ооганстан боюнча координатору Уилям Тейлордун айтымында, президент Буштун Ооганстан боюнча жаңы планы бул өлкөдө Кошмо Штаттар буга чейин ишке ашырып жаткан Улуттук Аскерди, полицияны үйрөтүү, чек ара жана негизги жолдорду кайтаруу сыяктуу программаларды андан ары жакшыртат

XS
SM
MD
LG