Израилдик учактар бүгүн палестиндердин ХАМАС тобунун жетекчилеринин бири Махмуд Захардын Газа шаарындагы үйүнө бомба урушту.
Ракета чабуулунан Захар жеңил жараат алды. Захардын күзөтчүсү жана дагы бир адам өлүп, жыйырмадай киши жарадар болду.
Ракета чабуулун Палестин лидери Ясер Арафаттын кеңешчиси Абу Рдейна айыптады:
- Биз бүгүн Газада болгон чабуулду жектейбиз. Биз бул чабуул зордук-зомбулуктардын түрмөгүн дагы күчөтөт деп ойлойбуз.
Рдейнанын сөзүнчө, палестин жетекчилиги израилдик-палестиналык чатакты токтотуу үчүн жогорку деңгээлдеги “эл аралык кийлигишүү зарыл” деп эсептейт.
Эки күн илгери эки жанкечти жардырган бомбадан израилдик 15 жаран өлгөн эле . Бүгүн бул чабуул үчүн жоопкерчиликти исламчыл ХАМАС уюму өзүнө алды жана “Израил оккупацияланган аймактардагы жөөтөрдүн там-жайларына чабуул койо баштайбыз” деп коркутту.
Израилдин премьер-министри Ариел Шарон палестиналыктардын израилдиктерге каршы чабуулу токтотулмайын, тынчтык жараяны алга жылбайт деп билдирди бүгүн.
Эл аралык Кызыл Чырым уюму израилдиктер менен палестиналыктардын карапайым жарандарга каршы чабуулдары Согуш жөнүндөгү Женева келишимине каршы келет деп, тараптарды мындай чабуулдарды токтотууга чакырды.