Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

15-СЕНТЯБРДА БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИН ШАЙЛОО БОЛОТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Аскар Акаев Бишкектин мэрин шайлоо тууралуу буйрукка 5-сентябрда кол койду. «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик мекемелер жөнүндөгү» мыйзамга ылайык быйыл 15-сентябрда башкалаанын жетекчисин шайлоо белгиленди. Мамлекет башчысынын каалоосу боюнча бул кызматка талапкерлерди президенттик администрациянын жетекчисинин милдетин аткаруучу Мисир Ашыркулов сунуштамак болду. Азырынча Бишкек шаарынын мэрлигине ким сунушталаары табышмак бойдон.

Бишкектин мэрин шайлоого болгону 5 күн калды. Ошентсе да бул орунду кимдер мелжеп отурганы азырынча белгисиз. Жадагалса маалымат каражаттары да бул боюнча унчуга элек. Бирок эл ичинде эмнегедир «азыркы мэр Медетбек Керимкулов өз ордунда калат» деген ишеним бар. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчиси Сулайман Иманбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, 15-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин 34 депутаты добуш берет. Эки депутат ушул күндөрү четте жүргөндүктөн, шайлоого катышпасы белгилүү болду. Президент кааласа бир же альтерналивалуу түрдө эки адамдын талапкерлигин депутаттардын алдына коюшу ыктымал. Ошол эле учурда шаардык кеңеш өз талапкерин да алып чыгууга укуктуу. Депутаттар паспорт же күбөлүгү менен шайлоо бюллетенин алгандан кийин жашыруун добуш беришет. Сулайман Иманбаев урнадагы бюллетендер кайра депутаттардын көзүнчө саналып, шайлоо акыйкат болооруна ишендирет. Бирок, БШК бул шайлоодо анча деле олуттуу роль ойнобойт. Жадагалса мэрликке талапкерлерди каттоодон өткөрбөйт, жөн гана кагаз жумуштарына жардам берүүгө милдеттүү.

Президент кимди сунуштаары жөнүндө ар кандай түкшүмөлдөр болуп атат. Аскар Акаев да, Мисир Ашыркулов да алардын аты-жөнүн ачык айтышкан жок. Бишкектин мэрин шайлоо акыйкат болооруна таптакыр ишенбегендер бар. Андай ойлогондордун бири – мурдагы депутат Досбол Нур уулу.

- Шайлоо кайдан акыйкат болсун, - дейт ал. - Аскар Акаев кимди кааласа ошол шайланат. Ал эми азыркы депутаттар болсо - баары чөнтөк депутаттар. Менимче азыркы мэр А.Акаевдин өзүнө да, үй-бүлөсүнө да жагат. Билбейм, байкабай бир күнөө кылып алып эле жакпай калбаса... Андай күнөөлөрдөн алыс болсо, анда Керимкулов эле кайра шайланышы ыктымал.

Ушул жайда Бишкектин 125 жылдык тою болду. Ага карата ордо шаардын бир топ жолдору оңдолуп, гүлбактары жаңырды. Бул шаардыктарга жагымдуу таасир берип, бүгүнкү мэрди алкагандар да бар. «Бул орунга эки же үч адам талапкерлигин койгон күндө да баары бир Керимкуловдун шансы чоңураак» деген божомолдор көп айтылып жатат. Мындай ойду Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Зайнидин Курмановдон эшиттик.

Мурда шаар башчыларын деле эл шайлачу. 1998-жылы президент шаардын мэрин шаардык кеңеш шайлаары тууралуу жобо чыгарган. Эми болсо мыйзамга ылайык Ош жана Бишкек шаарларынын башчысын эл эмес, шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Бул нормага кыргыз журтчулугунда нааразы болгондор да жолугуп жүрөт. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхак Масалиев «шаар жеринде жердешчилик, тууганчылык азыраак, демек бул кызматты кимге беришти элге койгон оң болмок» дейт.

- Ансыз да шайлоодо трайбализм катуу. Мисалы, Ош шаарына оштук шайланат, Нарынга нарындык гана мэр болот. Эми Бишкек деген өзгөчө статуска ээ да. Борбор калаага мэрди эл шайласа жакшы болмок. Эми каражат көп кетет, бирок ага да кайыл болуп демократиялык кадамга барыш керек, - дейт Исхак Масалиев.

Шаарык кеңештин XX сессиясы шашылыш чакырылды. Күн тартибинде бир гана маселе – мэрди шайлоо. Президент мэрликке талапкерлерди сунуштоону ишенип тапшырган Мисир Ашыркулов 15-сентябрда депутаттардын алдында эки же бир гана адамдын атын атайт. Алгач ар бир талапкер шаарды кантип гүлдөтөөрүн депутаттарга айтып бериши керек. 34 депутат толук болбосо да, алардын 2/3 катышса, шайлоо мыйзамдуу өткөн болуп саналат. Өкмөт Үйү көрсөткөн адамды үч жолу шайлабай койсо, шаардык кеңеш таратылат. Бишкекти башкарууга кимдер ат салышаары азырынча белгисиз. Борбордук шайлоо комиссиясынан «чыдай тургула, алар элге аты жакшы белгилүү адамдар» деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG