Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

ШВЕЦИЯ БАШКАЛАРДЫ АЙНЫТЫШЫ АЖЕП ЭМЕС


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жекшемби күнү Швецияда өлкөнүн евромейкиндикке кошулуусу жөнүндөгү маселе чечилет. Өкмөт калкты өлкөдө евронун киргизилишин колдоп берүүгө үгүттөп жатат. Бирок буга чейинки сурамжылоо калк Евро акча бирдигине каршы чыгышы мүмкүн экенин көрсөттү. Өлкөнүн тышкы иштер министри Анна Линддин өлүмүнө байланышкан окуялар болсо, калк арасында еврону колдогон саясатчыларга карата душмандык маанай бар экенин айгине кылды.

11- сентябрда эртең менен Швециянын тышкы иштер министри Анна Линд айым андан бир күн мурда жасалган кол салуудан каза болду. Шаршембиде дүкөндө жүргөн министрге белгисиз бирөө бычак сайып, оор жарадар кылган эле. Ичи, көкүрөгү жана колуна бычак жеп, оор абалда ооруканага жеткирилген министрге дарыгерлер ошол замат операция жасап, ички кансыроону токтотконго аракеттенишкен. Министрге бир нече жолу кан куйулган. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан жок. Эки баланын энеси Анна Линд 11- сентябрда эртең мененки саат 5.20да жан берди.

Анын өлүмүнө байланыштуу премъер-министр Горан Перссон өкмөт мүчөлөрүн кайтарууну күчөтүү жөнүндө жарлык чыгарды.

46 жаштагы министр Анна Линд Швециянын еромейкиндикке кошулуусун бар алы менен жактаган саясатчы болгон. Ал ушул жекшембиге пландаштырылган референдумга чейинки бир нече күндүн ичинде өкмөттүн башка мүчөлөрү менен бирге үгүт өнөктүгүн жүргүзмөк.

Акыркы сурамжылоонун жыйынтыктарына таянган өкмөт шведдердин еврого карата көз карашын өзгөрткөнгө дагы эле болсо үмүттөнөт. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, еврого каршы чыккандардын саны ага макул болгондорго караганда 10 процентке көп болуп чыккан. Бирок 7 миллион швед шайлоочунун үчтөн бири референдумда эмне деп добуш береерин али чече электиктерин айтышкан. Швед өкмөтү маселени ошол "ыргылжың" болгондордун эсебинен оң чечип алганга үмүттөнөт.

Еврону колдогон Элдик Либерал Партиясынын өкүлү Йоаким Бергстром мындай дейт: "Биздин евромейкиндикке кошулуубуз саясий жана экономикалык жактан өтө маанилүү. Биздин ойубузча, евромейкиндикте болгонубуз экономиканын мындан да туруктуу болуусуна шарт түзөт. Евро Швециянын жаңы Европага толук кандуу мүчө болуусуна көмөктөшөт."

Андан сырткары евронун киргизилишин Европадагы шериктер менен соода жана ишкер алакалардын жеңилдетилишин көздөп турган бизнес чөйрөлөр колдошот.

Швецияда еврого каршы чыккандардын арасында оңчул да, солчул да күчтөр бар экендигин айтуу керек. Консервативдүү көз караштагы шведдер улуттук акча бирдик - швед кронасынан айрылып калуу менен өлкө маанилүү улуттук символдордон эле кол жууп калбастан, экономика менен саясаттагы өз алдынчалыгын жоготуп, маанилүү тармактарда чечим кабыл алуу укугун Европа Шериктештигине алдырып жиберет деп кооптонушат. Бул жөнүндө Швециянын ТТ телеканалынын аналитиги Магнус Перссон: "Көптөгөн шведдер өлкөнүн саясаттагы, финансыдагы жана салык тармагындагы өз алдынчалыгын сактап калуусу маанилүү деп эсептешет", - дейт.

Калкты социалдык жактан колдоо тармагы жакшы өнүккөн өлкө бул тармагын салыктын эсебинен каржылайт. Бир топ шведдер евромейкиндикке кирүү менен салыктар азайтылып, социалдык камсыздоо системасы жабыркайт деп коркушат. Анын үстүнө, Швеция шериктештиктин экономикалык өсүш жагынан эң жогорку көрсөткүчкө ээ мүчөсү. Швециянын жылдык эки проценттик өсүшү Еврошериктештиктин башка өлкөлөрүнүкүнө караганда дээрлик эки эсеге көптүк кылат.
Көптөгөн саясий күчтөр мындай дурус абал Швеция евромейкиндиктен обочо турган үчүн түзүлдү, андыктан анын евромейкиндикке кирбей койо турганы жакшы деп эсептейт.

Бирок евромейкиндикте Швеция дал ошол жогорку көрөсткүчтөрү үчүн кадыр- барка ээ экени маалым. Дойче Банктын аналитиги Клаус Папенброк мындай деп билдирет:

"Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн Еврошериктештикке кирүүсүнүн жуп алдында ага Швеция сыяктуу, экономикасы туруктуу өнүгүп аткан өлкөнүн кошулганы жакшы болмок. Евромейкиндикке Дания жана Британия сыяктуу өлкөлөрдүн кошулуусу да жагымдуу жагдай түзмөк".

Аналитиктер Швециянын евромейкиндикке кирүүсүнөн Еврошериктештиктин мындан аркы күчтөнүүсү көз каранды экенин айтышат. Анткени, Швециядагы референдумдун жыйынтыгы британдыктар менен даниялыктардын чечимине таасир этиши мүмкүн. Еврошериктештикке мүчө 15 өлкөнүн ичинен еврону 12 өлкө гана киргизген. Швеция, Дания жана Британия евромейкиндикке кошула элек.

XS
SM
MD
LG