Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Британ парламенти Ирактын куралы боюнча өкмөттүн докладын иликтеп чыкты


Британиянын өкмөтү Ирак коркунучун атайлап күчөткөн эмес деген бүтүмүн чыгарды өлкөнүн парламенттик комиссиясы. Бирок коргоо министрлигинин Ирак куралы боюнча маалымат туураалуу айрым эксперттердин күмөндөрүн ачыкка чыгарбагандыгы, өкмөттүн докладынын бир жактуу болушуна алып келген деп белгилет парламенттик комиссиянын бүгүн жарыяланган бүтүмүндө. Комиссия ошондой эле британ өкмөтүнүн докладындагы Ирак 45 минута ичинде массалык кыргын салуучу куралдарын күжүрмөн даярдыкка келтире алат деген маалыматтын чындыктан алыс экендигин тастыктаган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Айданбек Акмат уулу, Прага

XS
SM
MD
LG