Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

АКШда эки жыл мурун болгон террордук актыда курман болгондорду эскерүү иш-чаралары Кыргызстанда өткөрүлдү


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде жана Эл аралык антитеррордук коалициянын Ганси атындагы аскер базасында АКШда 2001-жылы 11-сентябрда болгон террордук актыларда курман болгондорду эскерүү иш-чаралары болду. Бул тууралуу бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады. Ушул эле күнү ЕККУнун Бишкектеги элчиси Айдын Идил «террорчулардын колунан набыт болгон күнөөсүз адамдарды дүйнө эли эч качан эстен чыгарбай турганын» билдирип, АКШнын жалпы жарандарына көнүл айтуу жолдоду. Айдын Идил ЕККУга мүчө болуп кирген мамлекеттер эл аралык терроризмге жана аны колдоочуларга каршы күрөшөөрүн маалымдады. Эки жыл мурун АКШда болгон трагедияга карата Ысыккөлдө «Мост-Медиа» коомдук бирикмеси «Терроризмге жол жок!» аттуу семинар өткөрдү. Ага Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын журналисттери, белгилүү саясатчылары катышты.

XS
SM
MD
LG