Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан жана башка мурдагы советтик жумурияттарда адам укуктарын сактоо начарлаганын билдирди


Айданбек Акмат уулу, Прага

АКШнын жогорку даражалуу эки дипломаты мурдагы советтик жумурияттарда адам укуктарын сактоо начарлап кеткенин сынга алды. Бул тууралуу Элизабет Жоунс жана Лорн Крэйнер Европа Коопсуздук жана Кызматташтыгы маселеси боюнча АКШнын комиссиясынын угуусунда 9-сентябрда билдирди. Вашингтондун пикиринде, Орусия, Кавказ жана Борбор Азия жумуруяттарында мындай тескери тенденция күчөп баратат.

Бул аймактагы мамлекеттердин адам укугун сактаган демократиялык коомду куруусуна аздыр-көптүр үмүт сакталууда, бирок аларда акыркы кезде демократиядан артка кетенчиктөө көбүрөөк байкалууда, - деп билдирди АКШнын Европа Коопсуздук жана Кызматташуу маселеси боюнча көз карандысыз Комиссиясынын угуусунда мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Элизабет Жоунс жана демократия, адам укуктары жана эмгек боюнча жардамчысы Лорн Крэйнер. АКШнын бул Комиссиясына конгрессмендер кирет жана ал Борбор Азия, Кавказ мамлекеттериндеги, Орусия жана Беларустагы адам укуктарынын абалы боюнча угуулар өткөргөн. Ал эми ЕККУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы келерки айда Польшада бул жумурияттардагы адам укуктарынын абалы боюнча жыйын өткөрмөкчү.

АКШнын дипломаттары Балкан, Балтика боюндагы өлкөлөр демократияны курууда ийгиликтерге жетишип жатканын, ал эми Чыгыш Европа мамлекеттери НАТОго жана Европа Биримдигине кошулууга даяр болуп калганын белгилешкен.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринде реформалар жүргүзүүдө, демократияны курууда прогресс начар болгондуктан, элдин шаабайы сууп баратат, - деп сүрөттөгөн АКШлык дипломаттар региондогу абалды.

Крэйнердин айтымында, Борбор Азия жумурияттары 2001-жылдагы террордук чабуулдан кийин АКШ менен байланышын бекемдеп, Вашингтондон жардамды көбүрөөк ала башташты. Бирок бул тыгызыраак кызматташуу демократиянын алга кетишине түрткү боло алган эмес. Крэйнердин айтымында: Борбор Азия мамлекеттери жөнүндө айтканда, эгерде алар биздин мамилелерибиз күчөп, жардамыбыз уланышын кааласа, анда алар олуттуу реформаларды жүргүзүп, аны АКШга, Конгресске көрсөтүш керек.

АКШнын мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу дипломаттары Борбор Азия мамлекеттеринин ар бириндеги кемчиликтерди санап өткөн:
Кыргызстанда конституциялык реформалар боюнча тынчсыздануубуз жоюлган жок, бул жумуриятта басма сөз эркиндиги кысымга алынууда. Андан сырткары куралсыз демонстранттардын атылышы боюнча бийлик өкүлдөрү жетишээрлик жоопкерчилик тарткан жок. Андай жоопкерчилик тартмайын кыргыз эли үчүн мыйзамдуулук кол жеткис бойдон кала берет, - дейт Крэнер.

Тажикстанга токтолгон Крэйнер, бул өлкөдө “өткөн жылдары демократиялык багытта ийгиликтер болгон менен ал конституциялык референдумдун айынан аксап калды. Ал референдум аркылуу Эмомали Рахмоновдун дагы 14 жыл президент болуп отурушуна шарт түзүлдү”, - деди.

Казакстанда болсо саясий куугунтуктоолор, өкмөттүк эмес уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн кысымга алуучу мыйзамдар кабыл алынууда.

Өзбекстанда акыркы кезде бир аз байкалган прогресс, май айында абакта эки адамдын кыйноодон өлүшү, журналист Руслан Шариповду куугунтуктоо менен бузулду.

Түркмөнстанда адам укугун сактоо начар бойдон калууда. Бир жылдай тыныгуудан кийин диний ишеними үчүн куугунтуктоо дагы күчөдү. Сапармурат Ниязовдун өмүрүнө кол салуудан соң өкмөт оппозиция жана атуулдук коомду ого бетер муунтууга киришти, - деди Крэйнер Европа Коопсуздук жана Кызматташуу маселеси боюнча АКШнын комиссиясынын угуусунда.

Кавказ өлкөлөрүнө токтолгон Крэйнер Арменияда шайлоону бурмалоо демократиялык жараянга олуттуу зыян кылганын белгилеп, Азербайжан, Грузия, алар менен бирге Орусия жана Украинада боло турган шайлоолордо андайга жол берилбеш керек деген пикирин билдирди.

Чеченстанда азыркыдай кырдаалда демократиялык мүнөздөгү шайлоо өткөрүү өтө кыйындыгын белгилеген Крэйнер, шайлоо жумуруяттагы чатакты жөнгөрүүгө кудуреттүү болсо, аны өткөрүү максатка ылайыктуу болмок деген оюн айтты.

Комиссиянын төрагаларынын бири, конгрессмен Кристофер Смит чечен маселеси ушул айдын этегинде боло турган АКШ жана Орусия президенттеринин жолугушуусунда талкууланабы деген суроону бергенде, президент Жорж Буш бул маселени Владимир Путин менен жолугушууда көтөрөт, - деп жооп берген Лорн Крэйнер.

XS
SM
MD
LG