Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

А.ЖАЙНАКОВДУН «КЫРГЫЗ ЖЕРИ» АТТУУ ЫРЫ ЭСТРАДАГА ТҮШТҮ


Жакында белгилүү эстрада ырчысы, республикалык, эл аралык көптөгөн фестивалдардын лауреаты Жылдыз Осмоналиева таанымал обончу Апас Жайнаковдун угармандардын сүйүктүү ырына айланган «Кыргыз жери» аттуу ырын атайын эстрадалык топтун коштоосунда ырдап, бет ачаарын өткөрдү.

- Жылдыз айым, белгилүү обончу Апас Жайнаковдун эл артисти Саламат Садыкованын аткаруусунда калк жүрөгүнөн түнөк тапкан «Кыргыз жери» аттуу ырын атайын аранжирлештирип, эстрадалык топтун, шыгырдын коштоосунда ырдап чыгышыңызга эмне себеп болду?

- Миңдеген угармандарыбыз угуп жүрүшкөндөй, азыркы ырчыларыбыздын баарысы жашына, карысына карабай (алардын ичинде мен да) сүйүү ырларын ырдап жүрөбүз. Ырас, дүйнөдө эмне өлбөйт, эмне өчпөйт, эмне жаш, эмне ырдалып бүтпөйт? Махабат. Бирок кийинки кездерде элибиздин улуулугун, жерибиздин сулуулугун даңктаган патриоттук ырларды ырдабай эле, сүйүү ырларына чөмүлүп, көмүлүп калдык. Мына ушундай кемчиликти жоюш үчүн былтыртан баштап мен эл-жер, ыйман, өмүр, бүгүнкү турмуш, жашоо жөнүндөгү жакшы ырларга көңүл бөлө баштадым. Эмне себептен Апас Жайнаковдун «Кыргыз жери» аттуу ырын эстрада тилинде ырдап чыгууну чечтим? Жакшы ыр, жакшы обон комуздун, эл аспаптар, симфония оркестрлеринин, эстрадалык ансамблдердин, хордун коштоосунда ырдалышы керек. «Кыргыз жери» аттуу ырдын сөзү да, обону да мыкты. Ырда жерибиздин сулуулугу, элибиздин улуулугу ырдалат. Жакшы ырды ар бир муундун ырчылары ырдаш керек, жерин, элин даңкташ керек. Жакында Ысыккөлдө, Нарында, Ошто, Жалалабадда гастролдо болом. «Кыргыз жерин» ырдап, көпчүлүктүн сыноосуна коём, ойлорун угам.
XS
SM
MD
LG