Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:28

Медиа-кеңештин түзүлүшүнө карата Кыргызстандын журналисттери ар кандай пикирде болуп жатышат


БИШКЕК. Кыргызстанда Медиа-кеңештин түзүлүшүнө карата маалымат каражаттары тарабынан ар кандай пикирлер айтылууда. Өкмөттүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Медиа-кеңештин түзүлүшү учурдун талабы экенин, ал өлкөдө маалымат каражаттарына байланышкан чыр-чатактарды чечүүгө көмөктөшө турганын белгилешүүдө. Ал эми эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болсо, Медиа-кеңеш президенттик администрациянын кызыкчылыгында түзүлгөнүн, ал маалымат каражаттарын көзөмөлдөөчү орган катары иштеши мүмкүн экенин айтышууда. Соңку мезгилде ондогон сот жараяндарына катышып келген мурдагы «Моя столица», азыркы «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Кимдин көз карашы ушуга жакын. Ал бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына «Медиакеңеш Кыргызстандын журналисттеринин чыр-чатактарын чечүүгө жардамдашкыдай укуктук негиз жок» деген пикирин билдирди. Медиа-кеңеш түзүү жөнүндөгү чечим маалымат каражаттарынын кечээ Ыссыккөлдө өткөн жыйынында кабыл алынды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG