Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Эртең Европа университеттеринин ассоциациясы Анкарада жыйын өткөрөт


БИШКЕК. Эртең Түркиянын борбору Анкара шаарында «Дүйнөлүк университеттер конференциясы» өз ишин баштайт. Европа университеттеринин ассоциациясынын чакыруусу менен ага катышканы бүгүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, академик Аскар Какеев жөнөп кетти. Бул тууралуу ушул университеттин маалымат кызматы билдирди. Конференцияда университет аралык тажрыйба алмашуу, жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, алардын өз ара кызматташтыгын жаңы жолго коюу маселелери каралат. Анда академик Аскар Какеев «Билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун чен-өлчөмдөрү жана усулу» деген темада доклад окушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG