Иракта сапарда жүргөн Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн өлкө түндүгүндөгү Калабжа шаарына барып, Саддам Хусейндин режиминин 1998-жылкы газ чабуулунан өлгөн 5 миңден көп күрттөрдү эскерген мемориалдык музейдин ачылыш аземине катышты.
Күртстан патриоттук союзунун төрагасы Жалал Талабани күрттөр коалициялык күчтөрдүн курамында Саддамдын режимин кулатууга катышканына сыймыктанышат деди салтанатта сүйлөп.
Талабани АКШ колдогон Ирактын башкаруучу кеңешинин мүчөсү.
Кеңештин шиит мүчөсү Ражия Хабиб Кузай айым бүгүн Мадридде сапарда жүрүп, АКШлык аскерлерди ирактыктарга “өтө орой жана жек көрүүчүлүк менен мамиле кылат” деп күнөөлөдү. Бирок, ал АКШлык аскерлерге жана мунай өндүрүүчү жайларга каршы кол салууларды жалпы элдик каршылык көрсөтүү эмес, саботаж деп мүнөздөдү.
Бүгүн Багдадда америкалык жоокер курман болду.
АКШнын аскер командачылыгынын өкүлү Эми Аббот айымдын кабарлашынча:
- 1чи танкалык дивизиянын жоокери черүүдө жүргөндө граната тийип, ошол замат 28-согуштук госпиталга жеткирилди жана ал жерде алган жараатынан набыт болду. Бул окуя Багдаддын ортосунда болду.
Колин Пауэлл кечээ Багдадга учуп келер замат АКШлык аскерлер Иракка бошотуучулар катары келишкен жана өлкөдө зарыл болгондон узакка калышпайт деп билдирген.