Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

НИКОЛАЙ ТАНАЕВ: «АЗЫРКЫ ӨКМӨТ НАТЫЙЖАЛУУ ИШТЕП ЖАТАТ»


Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбү күнү премьер-министр Николай Танаев, вице-премьер-министрлер Курманбек Осмонов жана Жоомарт Оторбаев басма сөз жыйынын өткөрүшүп, өкмөт башчысы «азыркы өкмөттү «жаман иштеп жатат» деп күнөөлөгөнгө негиз жок» деди.

Дүйшөмбү күнү өкмөт башчысы Николай Танаев, анын орун басарлары Курманбек Осмонов жана Жоомарт Оторбаев журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар өткөн жумада Мыйзам чыгуу жыйынында өткөрүлгөн, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы жөнүндөгү талкуу боюнча өкмөттүн пикирин билдиришти. Премьер-министр өз сөзүндө мындай талкуунун уюштурулушун “мыйзам ченемдүү жана негиздүү” деп мүнөздөдү.

- Бирок парламенттик корпуста ар кандай адамдар бар. Ал жерде ар түрдүү пикирлер өкүм сүрөт. Кыргызстандын коомдук түзүлүшү жана келечеги тууралуу депутаттарда ар кандай көз караш бар экенине дагы бир жолу күбө болдук. Депутаттык корпустун көпчүлүк бөлүгү аткаруу бийлиги менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр. Бул Лениндин эстелигин көчүрүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча добуш берүү учурунда даана көрүндү. Депутаттардын бир бөлүгү болсо өкмөт жасаган иштердин баарына келишкис, конструктивдүү эмес позицияны тутунушту, - деди Николай Танаев. Ал депутаттардын айткан сын-пикирлеринин баары эске алынаарын билдирди.

- Ошону менен бирге биз “өкмөт натыйжалуу иштебей жатат” деген пикирге кошула албайбыз. Өткөн жылга салыштырмалуу экономикадагы абал жакшырып баратат, - деп, Николай Танаев конкреттүү цифралар менен экономикадагы жетишкендиктерди бирден санап берди.

- Мен, “биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздөн көбүрөөк, бирок зарыл болгондон азыраак иш жасадык” деп айтар элем. Анын объективдүү да, субъективдүү да себептери бар, - деп, Николай Танаев өкмөттүн мындан да жакшы иштешине табигий кырсыктар жолтоо болгонун белгиледи.

- Экинчи жагынан биз мурдагы жылдардын карыздарын төлөп берүүгө мажбур болдук. Бул дагы экономиканын өнүгүшүнө таасир этпей койгон жок. Эгерде өкмөт жаман иштесе, бул шартта өндүрүш сөзсүз төмөндөмөк. Бардык кыйынчылыктарга карабай, биз жакшы жылыштарга жетишип жатабыз, - деди Николай Танаев.

Өкмөт башчысы басма сөз жыйынында парламенттеги талкууга активдүү катышып, өз пикирин айтышкан депутаттар Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиевдин дарегине атайын сөз айтты. Турдакун Усубалиев ошол талкууда уран калдыктары жөнүндө маселе койгон болчу.

- Мен ал суроону Турдакун Усубалиевичтин өзүнө, Абсамат Масалиевичке берсе болоор эле деп ойлойм. Алар өлкөнүн башында турганда ал өндүрүш жабылган болчу. Ал кезде акча алып, калдыктарды реабилитациялоого мүмкүнчүлүк бар болчу. Эмне үчүн алар муну ошол кезде жасашкан жок? Эми алар биздин өкмөттү “эч нерсе кылбай жатасыңар” деп күнөөлөп жатышат. Биз бекер отурган жокпуз, - деди Николай Танаев.

- Республиканын башында Абсамат Масалиев турганда эле өндүрүш токтой баштаган. Аны мен өз башыман өткөрдүм, - деп, өкмөт башчысы А. Масалиевдин учурунда союздук бюджеттен акча келбегенинин айынан Сарыжаз, Жерүй жана Беловодскидеги жүгөрү иштетүүчү заводдун курулуштары бүтпөй калгандыгын белгиледи.

- 1989-жылы, так Абсамат Масалиевичтин учурунда, бул жерде иш болбош үчүн, 1,5 миң даана техника Оруссия Федерациясына берилип кеткен болчу. Абал ошого жеткен болчу, - деди Николай Танаев. “Өкмөттү сындаар алдында ар ким өзү эмне кылганын эстеп көрүшү керек” деди өкмөт башчысы.

XS
SM
MD
LG