Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулоодо


Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча элчиси Терье Род-Ларсен акыркы кездеги окуялар «жол картасы» тынчтык планын аткарууну токтотуп койду деп билдирди дүйшөмбү күнү. Анын айтымында, буга палестин жанкечтилеринин аракеттери жана жөөт өкмөтүнүн мыйзамсыз киши өлтүрүүлөрү себеп болду. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулап жаткан БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөгөн Терье Род-Ларсен Израил өкмөтүнүн Ясир Арафатты өлтүрүү же, Палестинадан кууп чыгуу тууралуу ниетин сынга алды. БУУнун элчисинин айтымында, эгерде каршылашкан эки тарап өз позицияларын өзгөртпөсө региондогу чатак азыркыдан да күчөп кетет. Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом Ясир Арафатты өлтүрүү жөөт өкмөтүнүн планында жок экенин, бирок Арафат бийликте турган убакта Жакынкы Чыгышта тынчтык болбосун дүйшөмбү күнү белгиледи.

XS
SM
MD
LG