Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Ингушстандагы теракттан кийин Орусиянын Чеченстандын айланасындагы күчтөрү жогорку даярдыкка келтирилди


ВЛАДИКАВКАЗ. Ингушстандагы теракттан кийин Орусиянын Чеченстандагы жана анын айланасындагы күчтөрү жогорку даярдыкка келтирилди. Ингушстанда террордук кол салуудан канча киши курман болгондугу белгисиз. Расмий маалыматтар боюнча, анда жан кечти террорчуну кошкондо 4 киши өлгөн. Ал эми окуяга күбө болгон адамдар менен дарыгерлер жардыруу болгон жерде террорчуларды кошкондо 5 киши өлүп, дагы бешөө ооруканада көз жумганын айтышат. Теракттан 30 киши жараат алды. Эки жан кечти террорчу бир тоннага жакын жардыргыч жүктөлгөн машинени Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын Ингушстандагы бөлүмүнүн имаратынын алдына айдап барып, жардырышкан. Жардырылган ГАЗ-53 үлгүсүндөгү машине Чеченстанда каттоодон өткөн унаа болуп чыкты. Анын кожойуну ким экени да маалым болду.

XS
SM
MD
LG