Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

ТҮНДҮК КАВКАЗДЫ ТЕРРОРДУН ТОЛКУНУ КАПТАДЫ


Ингушетиянын борборундагы террордук акция иликтенип жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө ФСБнын регионалдык башкармасы жайгашкан имарат алдында жардырылган автомашина Чеченстанда катталганы аныкталды. Окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок байкоочулардын көпчүлүгү террордук иштердин жанданышын Чеченстандагы президенттик шайлоого байланыштырып жатышат.

Чеченстандагы шайлоо алдында террордук акциялар күч алышы мүмкүн экендигин өткөн айда Россиянын ички иштер министри Борис Грызлов өзү эскерткен эле. Андан мурдараак чечен козголоңчуларынын аскери эмири Шамил Басаев диверсиялык уруштарды бүткүл Россиянын аймагына жайылтканы жатканын жана ар кандай курмандыктарга кайыл экенин билдирген болчу. Ингушетиянын жаңы борбору – Магастагы иш да мурда тааныш ыкмада жасалды: болжол менен бир тоннадай дүрмөт жүктөлгөн машина ФСБнын регионалдык башкармасы жайгашкан имараттын короосуна келип урунду. Жарылуудан канча адам жан таслим болгону так белгисиз: ырасмий маалыматтарда төрт киши делинет, ал эми дарыгерлер адегенде беш адам мерт кетип, андан соң ооруканада дагы бешөө көз жумганын айтышууда. Жарадар болгондордун саны, болжолдо, отуздай бар. Мындан тышкары жарылган машинанын кабинасында бир эмес, эки жанкечти отурган дешет.

Бүлүк-бүлгүндүн мындай ыкмасы биринчи ирет былтыр декабрда Грозныйда жасалган эле. Жарылма заттарга шыкалган автомашина өкмөттүк имараттардын бирине келип урунуп, жоон топ кишинин өмүрү кыйылган. Андан соң чечен кыштактарынын биринде ФСБнын жергиликтүү бөлүмүндө, жакында болсо Моздоктогу аскери госпиталда ушундай усулдагы террордук акциялар кайталанган.

Деген менен байкоочулар соңку кездери активдеше баштаган террордук иштерди федералдык кызматтарга, алардын башчыларына жарыяланган “аңчылык” кампаниясы менен эле түшүндүргөнгө болбойт дешет. Бүлгүн-бүлүк операциялары, алардын пикиринде, баарыдан мурда Чеченстандагы президенттик шайлоого каршы багытталганы талашсыз. Быйыл декабрда орус Думасына, эмдиги жылы мартта Россияда президенттик шайлоо болот. Дал ушул саясий кампанияларга байланыштуу Басаевдин күчтөрү диверсиялык уруштардын кыйырын кеңейтиши мүмкүн. Ингушетия, орус гезиттеринин апаздарына ылайык, бул фронттун биринчи плацдармы боло баштады. Республиканын тоолуу райондорунда куралдуу кагылыштар көнүмүш көрүнүшкө айланды. Өткөн жуманын этегинде эле президент Зязиков кызматка барып-келчү жолдон чоң бомба табылып, дүрмөтү алынган болчу. Ал эми дүйшөмбү күнү президенттин кеңсесине жакын жерде бомба жарылып, имаратка бир топ зыян келтирди.

Акыркы окуялар россиялыктарга мындан бир нече жыл мурда Москвада жана Волгодонскиде, былтыр Дубровкада, быйыл жайда Тушинодо болгон кыянаттарды эстетпей койгон жок. Буга байланыштуу федералдык жана регионалдык коопсуздук структуралары контртеррористтик иш-чараларды күчөтүшкөндүгүн жарыялашты. Бирок думанын депутаты Асламбек Аслаханов түндүк Кавказды аскер контингентине шыкап койгон күндө да ар бир укум жерди күзөтүп, көзөмөлгө алганга мүмкүн эмес деп эсептейт. Анын үстүнө атайын кызматтардын айрым бөлүктөрү, аскерлер региондо жергиликтүү тургундарга аеосуз мамиле жасап, аларды ыдыктап, азар көрсөтүп жатат. Мындай кырдаал мыкаачылык иштер үчүн мыкаачылык ыкмалар менен кек алууну көздөгөн өчмөнтөйлөрдү, башын өлүмгө байлаган жан кечтилерди пайда кылууда, деп айтты Аслаханов. Анын ишениминде, террордун толкунун токтотуунун бир гана жолу бар - бул үчүн чечен маселесин жайчылык ыкмалар менен чечүү керек.

Соңку маалыматтар боюнча, Чеченстандын Ачхой-Мартан кыштагында жабылта атылган ок алдында калып, эки аял жабыркады. Ал эми Сунжен районунда жергиликтүү ашканада милициянын эки офицери ок жеп, экөө оор жарадар болду. Ушул эле жерде шейшемби күнү аскери автокербен аткыланып, орустардын бир жоокери мерт болду, алтоо жаракат алды, алардын ичинен экөөнүн абалы өтө оор дешет.

XS
SM
MD
LG