Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

МЭРДИН ШАЙЛАНЫШЫ, МЕДИА-КЕҢЕШТИН ТҮЗҮЛҮШҮ, КАЗАК-КЫРГЫЗ МАМИЛЕСИ, БИЙЛИК ЖАНА БАСМА СӨЗ


16-сентябрда жарык көргөн басылмаларда Бишкектин мэри болуп кайра шайланган Медетбек Керимкулов, өлкөдө Медиа-кеңеш түзүлгөнү тууралуу түрдүү пикирлер, казак-кыргыз мамилелери, басма сөз эркиндиги туурасында макалалар басылды.

16-сентябрда чыккан “Агым”, “Аалам” «МСН», “Республика”, «Кыргыз туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттеринде Бишкектин мэрин шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалыматтар жазылды. Мындан тышкары, бул күнү жарык көргөн басма сөз каражаттарында өлкөдө Медиа-кеңеш түзүлгөнү, анын пайда-зыяны тууралуу түрдүү пикирлер жарык көрдү. Өкмөттүк «Кыргыз туусу» менен «Слово Кыргызстана» гезиттери бул саамалыкты колдоп чыгышса, «Агым» гезитинде Жолдошбек Зарлыкбеков “чынында “мындай кеңеш алдыда келаткан парламенттик, президенттик шайлоолорго карата бийликтин басма сөзгө даярдаган союлу го” деп божомолдогондор да аз болгон жок» деп жазып чыкты.

16-сентябрдагы «Аалам» басылмасы болсо бул туурасында «жыйынга чакырылган оппозициялык маанайдагы массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери Медиа-кеңештин түзүлүшүн колдошкон жокпу, айтор келишкен жок. Негизинен долбоордун айрым пункттары журналисттерди колдоого эмес, кордоого жаралып жатканы көрүнүп турду. Кеңештин түзүлүшү ансыз да бийликтин камчысына айланган сот системасы сыяктуу органдардын катарына кирбесе гана болду. Аны мезгил өзү көрсөтөөр” деп жазат. Жаңы түзүлгөн Медиа-кеңештин 9 мүчөсүнүн тизмеси “Слово Кыргызстана” гезитине толугу менен жарыяланды.

“Аалам” гезитинде Талас уулу Семетей “казак-кыргыз мамилеси абысындык аңдышуунун чегинен ашып кеткенин” талдоого алат. “Бир тууган, ага-ини болуп жүргөн эки эл эми атаандашып, бири жаз-күздө мунай баасын көтөрсө, бири жайкы эс алуу мезгилинде жолдомо баасын жогорулатып, Ысыккөлдөгү эс алуучу жайларды талашып, бизнес тармагын менчиктеп, банк системасын ээлеп, аңдышкан жоо болуп баратканы, казак баурдаштар ашыкча кетип баратканы” Талас уулу Семетейдин макаласында сөз болот

“Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандагы демократиянын абалына анча ыраазы эместигин дагы бир жолу билдирди”, - деп жазат “Агым” гезитине Аман Акматов. “Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Лорн Кранер Хельсинки комиссиясынын астында чыгып сүйлөп, кыргыз бийлиги эркин басма сөз менен мамлекеттик эмес уюмдарга басым-кысым жасап жатканын, Аксыда куралсыз демонстранттарга каршы ок чыгарып, 5 адамдын канына забын болгондордун бирөө да жазаланбагандыгын айтты” дейт Аман Акматов.

Ушул эле «Агым» гезитинде Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров менен Мамат Бостондун маеги жарыяланды. Журналисттин: «“Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам жазында кабыл алынганына карабастан, президенттин бул боюнча чечими кечеңдөөдө. Мунун себеби эмнеде?» - деген суроосуна Азимбек Бекназаров: «Бул мыйзам 24-апрелде кабыл алынган. Ал «Конституция кабыл алынгандыгынын 10 жылдыгына, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына байланыштуу мунапыс” деп аталган. Ачык айтылбаган менен бул мыйзамга жолтоо болгон 2 нерсе бар. Биринчиси - анын автору Азимбек Бекназаров. Экинчиси - Феликс Куловдун мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскарып, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошомок», - деп жооп берген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG