Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:25

ОРУС БАСМА СӨЗҮ: ИНГУШЕТИЯДАГЫ ЖАРДЫРУУ, БОРБОР АЗИЯДАГЫ БИЙЛИКТИН МУРАСТАЛЫШЫНЫН ЫКТЫМАЛДУУЛУГУ ЖАНА КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН МАСКӨӨДӨ ӨТЧҮ КҮНДӨРҮ...


Муса Мураталиев, Москва калаасы

Азыркы бийликке көз карашы анча жакпаган Евгений Киселев сыналгыдан кеткени ишсиз жүрдү эле, ага жакында Московские новости (16.09.2003) гезитин беришти. Ал баш редактор болгону жарык көргөн алгачкы макалалардын арасында Ингушетия калаасы Магаста Федералдык коопсуздук кызматынын башкармалыгынын маңдайына келип жарылган жүк тартуучу машине туурасында макала бар. Гезит аны кимдер уюштурганы туурасында расмий бийлик айткан пикирге окшобогон жоромолду айтат. Шерматованын жазганына караганда, “Ингушетиядагы жардыруу – бул теракт эмес. Ал өч алууга окшоп турат”. Эмне дегенде, Магас калаасында 15-сентябрь күнү теракт уюштуруучулар үстүнө чөп басылган кара машине менен келип жергиликтүү ФСБ башкармалыгынын алдына жеткенде унаанын ичиндеги бир тоннага чукул жардыргычты дүрмөт коюп жардырып ийиши жедеп жанына баткан кишилердин жасаган өч алуусуна окшоп турат.

Расмий айтылып калган пикирден айырмаланып, жардыруу болгондо ошол жерден өтүп баратып окуяны өз көзү менен көргөн кишилер таптакыр башкача маалымат айтканын гезит белгилейт. Көрсө, кийинки учурда, Ингушетияга президент болуп Мурат Зязиков келгенден тартып кишилерди үйүнөн алып кетүү адаты пайда болгон экен. Андай кишилердин сөөгү кийин талаадан табылчу болгон, же болбосо, ошол бойдон дайынсыз жоголчу болгон.

Президент болуп шайланганга дейре Федералдык коопсуздук кызматынын Ингушетиялык башкармасын жетектеген Зязиков дал ушул жаман адатка тийиштиги бар дешүүдө. Ал эми гезиттин чыгарган бүтүмүндө болсо “Магас калаасындагы жардырууну ошол үйүнөн кармалып кетип аткан ингуштар урук-туугандары үчүн өч алып жасаган сыяктуу” делет.

Баамадай келгенде андай маани орусиянын тышкы иштер министри Борис Грызлов айткан кептен да билинип турат:

- Терактан эки күн мурда бизге Ингушетиянын президенти өтүүчү жолдун жээгине коюлган өзүнөн өзү жарылуучу үч тузакты жок кылууга туура келди.

Мурда советтик республикалар болуп, он эки жылдай илгери эгемен мамлекеттигин курган жаңы жумурияттарда, айрыкча Борборазия тарапта, бийлик кантип кол жоолукка айланып баратканы туурасында Независимая газета (15.09.2003) кенен кеп кылат.

“Кудайдын парманы” менен бийликке жеткен мурдагы партиялык номенклатура өкүлдөрү эми ээлеген орундарын өз тукумуна же, бери дегенде, чукулдарына өткөрүп алуу амалынын үстүндө тырышып атат”, - делет гезиттик талдоодо. Гейдар Алиев – баласы Илхамга, Ислам Каримов – кызы Гүлнарага, Нурсултан Назарбаев – кызы Даригага ордун бергиси келээри тууралуу жоромолду бул макаладан окуй аласыз.

Бул катарда Аскар Акаев менен Сапармурат Ниязовдун уулдары эмне себептен президенттикти “мурастоого” кудурети жетпестиги жөнүндө да макалада өзүнчө сөз жүрөт. Тажикстан мамлекет башчысы Эмомали Рахмонов тогуз балалуу болсо да, өз өлкөсүндө атуулдук согуш жакында гана аяктагандыктан, оппозицияда тургандар анын өз ордун балдарына өткөртүп ийбейт жана ошол себептен “коюндан төгүлсө кончко” лакабы Тажикстанда керекке жарабай калат деген жыйынтык ушул эле макалада чыгарылат.

22-сентябрде Маскөөдө ачылганы жаткан Кыргызстандын маданий күндөрүн утурлаган материалдын бирин Российская газетадан (15.09.2003) жолуктурдук. Кыргызстандын элчиси Кемелбек Нанаев менен болгон маекте, ал маданий иш-чараларды өткөрүүнүн чоо-жайы, бул окуялар кандай каада, жолугушуу, сүйлөшүүлөр, келишимдер түзүү менен коштолоору айтылган.

Гезит үстүбүздөгү айда өткөнү жаткан Аскар Акаевдин Орусияга жасалчу расмий иш сапарына жооп сыңары келээрки айдын этегинде орус президенти Владимир Путиндин да Кыргызстанда иш сапарда болоору жөнүндө эскерет.

РИА “Новости” (16.09.2003) агенттиги таркаткан куш тилиндей маалыматка караганда, президент Путин шейшемби күнү өзүнүн коргоо министрине Кыргызстан жериндеги Кант калаасында орусиялык аскер базасын ачуу жөнүндө Кыргызстан тарап менен келишим түзүү камылгаларын көрүү жөнүндө тапшырма берген. Ал аскер базасынын расмий ачылышы орусиялык жетекчинин Кыргызстандагы расмий сапары маалында жүзөгө ашырылары болжолдонууда.
XS
SM
MD
LG