Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

АКШ Орусия менен Ирандын ортосундагы өзөктүк тармактагы кызматташтыкка нааразы


Орусиянын атомдук энергия боюнча министри Ирандын батыш тарабындагы өзөктүк реакторго күйүүчү май жеткирүү маселеси дагы бир топто барып чечилээрин билдирди. Тегеран долбоор боюнча Орусия иштетилген өзөктүк майды кайра алгандыктан, анын транспорттук чыгымдарын Москва көтөрүшү керек деген талап койгон. Орусиялык министр Александр Румянцев бүгүн Москвада АКШнын энергетика боюнча министри Спенсер Абрахам менен жолугушууда ушул маселеге көңүл бурулганын маалымдады. Румянцев Тегеран менен талаштардан улам, Ирандагы Бушер өзөктүк реакторуна жеткирилчү майдын баасын жогорулатуу жагын Москва ойлонуштуруп жатканын кошумчалай кетти. Вашингтон Орусия менен Ирандын ортосундагы өзөктүк долбоорлорго каршы чыгып, аны менен Тегеран кеңири кыруучу куралга ээ болууну көздөп жатат деп эсептейт. Иран өзөктүк реакторлор өлкөнү энергия менен камсыздоо максатында иштеп жатканын белгилейт.

XS
SM
MD
LG