Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:17

Өкмөт башчысы Кытайга бармак болду


БИШКЕК. 22-сентябрдан 24-сентябрга чейин премьер-министр Николай Танаев Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Премьер-министр Шанхай Кызматташтык Уюмунун 23-сентябрда Бээжинде өтүүчү өкмөт башчылар кеңешине катышып, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Вэнь Цзябао жана кытайлык ишкерлер менен жолугушат. Мындан тышкары, Кыргызстандын өкмөт башчысы Үрүмчү шаарына барып, Шинжан уйгур автоном районунун жетекчилери менен соода-экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG