БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын учурда камакта жаткан жетекчиси Феликс Кулов Европа парламентине аны белгилүү укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Кулов бул окуяны Кыргызстандагы демократиялык күчтөрдүн жеңиши катары баалады. «Арнамыс» партиясынын лидери мындан ары да Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүгө жана адам укуктарынын сакталышына багытталган күрөшүн жүргүзө берерин билдирди. «Менин талапкерлигим бул кадырлуу сыйлыкка Европарламент тарабынан көрсөтүлүшү мага байланыштуу сот ишинин саясий мүнөзгө ээ экендигин дагы бир ирет белгилеп турат»,-деген пикирин айткан Феликс Кулов. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна ишемби күнү Дияс Кулов билдирди.