Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

КУУГУНТУКТАЛГАН БАСМА СӨЗ, КЫШ КРИЗИСИ, ӨЛКӨДӨГҮ ЭҢ УЗУН ЖИГИТ


19 - сентябрда жарык көргөн гезиттер басма сөз эркиндигинин абалы, энергетикалык кризис, президент Аскар Акаевдин Орусияга иш сапары, жаңы Эмгек кодекси, «Ысыккөл-2003» фестивалы сыяктуу маселелерге арналган макалаларга орун берди.

«Кыргыз руху» гезитинин 19-сентябрдагы санында өлкөнүн Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун 17-сентябрад Борбор Азяи журналисттеринин конференциясында сүйлөгөн сөзү тууралуу жазышты. Басылманын жазганына караганда, Аскар Айтматов «журналисттер жоопкерчиликти толук түшүнбөй, демократияга жамынып алышып жазып жатканын, бийлик журналисттерди кысымга албаганын, чет өлкөлүк достор сын айтаардын алдында абалды терең талдашса» деп каяша айткан. «Ошол эле маалда министр Аскар Айтматов жакырчылыктын айынан тентий баштаган улутун, милициянын колунан окко учкан мекендештерин, иштебей жаткан мыйзамдар, эркин басылмалардын жабылышы тууралуу айтпады» деп жазат «Кыргыз руху» гезити.

19- сентябрдагы «Аалам» гезитинде Нургазы Анаркулов өлкөдөгү эркин басылмалар кантип ооздукталып, куугунтуктоо кандайча жүрүп жаткандыгын «Аалам», «Моя столица-новости», «Кыргыз ордо» гезиттеринин мисалында айтып берген. Автодун пикиринде, эркин басма сөзгө чабуулдун күчөшүнө жакындап калган шайлоолор себеп болууда.

Ушул теманы 19- сентябрда жарыкка чыккан «МСН» басылмасынын кабарчысы Рина Приживойт да талдоого алып, эгемендүү болгондон бери басылмалар экиге бөлүнүп калганыны, эркин ММКлар куугунтукка алынып жатканын жазат.

19- сентябрдагы «Агым» гезити кайсы депутаттын бедели жогору экенин жазды. Окурмандардын пикири боюнча, Абсамат Масалиев биринчи орунда, кийинки катарда Адахан Мадумаров, Кубат Байболов, Өмүрбек Текебаев жана Алевтина Проненко турат.

«Агымда» жаңы Эмгек кодекси жөнүндө кайчы пикирлерге да орун берилди. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев «бул кодекс рынок шартынын талаптарын, жаңы замандын кулк-мүнөзүн эске алганын» айтса, парламент депутаты Алишер Сабиров «жаңы Эмгек кодекси адам укуктарын тебелеп, жумуш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргойт, бул кодексти кабыл алганга болбойт» дейт.

19- сентябрдагы «Бишкек таймс» гезитинде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашев «кышында өзбектер газын токтотсо, отун кризиси январда башталаарын» айтып, тынчсызданат. «Быйыл жыл жаанчыл болуп, Казакстан менен Өзбекстан дээрлик суу алган жок. Өзбекстан бизге эми газ да, мазут да бербейт. Себеби, газ үчүн Кыргызстан Өзбекстанга 7 млн. доллар карыз. Энергосистеманын жалпы абалы начар, техникалык жабдуулар жок, бул тармакта коррупция ушунчалык күч алды» дейт Тайырбек Сарпашев.

Кыш кризиси келатканын «Агым» да белгилеп, энергетика тармагынын дебитордук карызы 2 млрд. 622 млн. сомдон ашканын, жаңы жылдан тартып энергия баасы көртөрүлө тургандыгын кошумчалайт.
Кышка даярдыктын начардыгына 19- сентябрдагы «МСН» басылмасы дагы токтолду.

Караколдо өткөн «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу конкурстун жана «Ысыккөл-2003» фестивалынын калыстык менен өтпөй калганы тууралуу бир катар гезиттер жазып чыкты. «Бул конкурстарга кыргыз эстрада жылдыздары нааразы» деп жазды «Бишкек таймс» гезитине Назира Жакшылык кызы.

Жылдыз Мусабекованын бул темага байланыштуу «Ыры да, чыры да көп феставль» аттуу макаласы «Агымга» басылды.

19- сентябрдагы «Кыргыз туусу» жана «Вечерний Бишкек» басылмалары, «Слово Кыргызстана» гезитинин «В конце недели» жумалыгы президент Аскар Акаевдин Орусияга барчу иш сапары жана кыргыз-орус кызматташуусунун маселелери жөнүндө макалаларды басышты.

«Кыргыз туусунун» баяндамачысы Мундузбек Тентимишов «Мээрим» фондусунун төрайымы Майрам Акаеванын «Үмүттүн шооласы үзүлбөйт» деген китебин «жан-дүйнө эркиндиги тууралуу поэма» деп баалады.

Ал эми «Вечерний Бишкек» гезити акталаалык алп жигит Жеңишбек Райымбаевди Гиннестин рекорддор китебине киргизүү жөнүндөгү сунушун айтып, анын боюнун узундугу 2 метр 40 сантиметр, салмагы 170 кг. экендигин, 60-размердеги бут кийим кийээрин жазды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG