Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Президент А.Акаев иш сапары менен Москвада жүрөт


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев баштаган Кыргызстандын делегация кечээ иш сапары менен Москвага барды. Мамлекет башчысы Москвада Орусиянын авиабазасын Кыргызстандагы Кант аба майданына жайгаштыруу жана анын макамы тууралуу Орусиянын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн коргоо министрлери тиешелүү келишимдерге кол коюшмакчы. Кечээ А.Акаев М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде болуп, анын окутуучулары менен жолугушту. Жолугушууда ал «Ѳткөөл экономиканын математикалык модели физиктин көз карашы менен» аттуу темада доклад жасады. А.Акаевге бул университеттин ардактуу профессору деген наам берилди. Эртең Чоң театрда Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземи болот. Ага президенттер Аскар Акаев менен Владимир Путин катыша тургандыгы тууралуу маалымат бар.

XS
SM
MD
LG