Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

БАГДАДДА БУУнун КЕҢСЕСИНИН ЖАНЫНДА ДАГЫ БИР ЖАРДЫРУУ БОЛДУ


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Дүйшөмбү күнү эртең менен Багдаддагы Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин жанында жардыруу болуп, бери дегенде эки киши өлүп, он чакты киши жаракат алды. Өткөн айда бул имараттын жанындагы жардыруудан 22 киши, анын ичинде БУУнун Ирактагы элчиси набыт болгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун Багдаддагы кеңсесине жакын келүүгө аракеттенген машиненин айдоочусу бул унааны коопсуздук кызматкерлери кылдат текшере баштаганда, өзүн да, ирактык бир коопсуздук кызматкерин да жардырып өлдү. Дүйшөмбү таңда орун алган бул окуя тууралуу АКШнын 2-мотордуу аскер кошуунунун басма сөз өкүлү, капитан Шөн Көрлү кабарчыларга мындай деп билдирди:

- Машинедеги бомба жарылганда, эки киши өлдү: алардын бири – бомба алып келгендин өзү, экинчиси – ошол учурда анын жанында турган ирактык коопсуздук кызматкери. Болжол менен алтыдан сегизге чейинки сандагы киши жарадар болду. Алардын баары тең медициналык жардам берүү үчүн ооруканага жеткирилди. Коалиция аскерлери жана жергиликтүү коопсуздук кызматкерлери окуя болгон аймактын коопсуздугун камсыз кылууда. Бомба Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынан болжол менен 250 метрдей алыстыкта жарылган.

Ал эми Бириккен Улуттардын басма сөз өкүлү бул жардыруудан 17дей киши жаракат алганын тактап айтты.

Бул окуя болоордон эки күн мурда азыркы ирактык убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон үч айымдын бири Акыла ал-Хашеминин өмүрүнө кол салуу аракети жасалган. Ишембиде ал Багдаддын батышында өз үйүнүн жанында машинеде баратканда ок жаңылып, ооруканага жеткирилген. Анын акыбалы бир аз жакшырып калганы маалымдалууда. Башкаруучу Кеңештин жетекчиси Ахмад Чалаби бул кол салуу үчүн Саддам Хусейндин кулатылган режиминин жактоочулары күнөөлүү деп билдирди.

Өткөн айда, августтун 19унда, Багдаддагы БУУнун кеңсесине бомбалык кол салуу болгондо 22 киши өмүрүнөн ажыраган. Алардын 15и – БУУнун кызматкерлери болчу, алардын ичинде – БУУнун Ирактагы элчиси Сержио Виейра де Мелло бар эле.

Бириккен Улуттардын Баш катчысы Кофи Аннан Ирактагы кайра куруу иш-чараларында бул уюмдун ыйгарым укуктарынын кеңейтилишин жактайт, ошондой эле коалициялык аскерлерден жана жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнөн өлкөдө кызмат кылган БУУнун өкүлдөрүнүн коопсуздугунун камсыз кылынышын өтүнүүдө.

Дүйшөмбүдөгү жардыруу АКШ президенти Жорж Буштун Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынында чыгып сүйлөөсүнө бир күн калганда орун алды. Президент Буш шейшембиде чыгып сүйлөөчү сөзүндө эл аралык коомчулукту Бириккен Улуттар Уюмунун Иракка көбүрөөк аскер жиберүү жана бул өлкөгө каржылык жардамды күчөтүү тууралуу жаңы резолюциясын кабыл алууга чакырмакчы. Көптөгөн мамлекеттер Иракты кайра куруу жараянына БУУнун олуттуураак катышуусун, уюмдун Ирактагы ролунун кеңейтилишин талап кылышууда. Алар тынчтык жаратуу күчтөрүн Иракка жиберүү жана өлкөгө каржылык жардам көрсөтүү маселелерин дал ушул суроо менен тыгыз байланыштырууда. Алардын арасында АКШнын салттык шериктери Франция менен Германия да бар.

Француз президенти Жак Ширак АКШ сунуш кылып жаткан резолюциялык долбоорго расмий Париж вето койбой турганын, бирок долбоорду ушул түрүндө колдоого да ашыкпастыгын дүйшөмбүдө эскертти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынынын 16-сентябрда өз ишин баштаган 58-жылдык жыйналышы сентябрдын 23үндө жалпы талкууну улантмакчы. АКШнын президенти Буш жалпы талкууда Бразилиянын президентинен кийин экинчи болуп сүйлөйт. Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин жалпы жыйында чыгып сүйлөөсү октябрдын 2сине белгиленген. БУУнун Башкы жыйынына Казакстан менен Өзбекстандан бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери гана катышат. Ирак маселелери жыйындагы эң олуттуу тема бойдон калаары алдын-ала жоромолдонууда.

XS
SM
MD
LG