Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Жапонияда жаңы өкмөт түзүлдү


Жапониянын премьер-министри Дзюньитиро Коидзуми өлкөнүн жаңы өкмөтүн түздү. Бийликтеги Либералдык Демократиялык партиянын жетекчилигин ишембидеги шайлоодо Коидзуми жеңишке жетишкенден кийин өкмөт кызматтан кеткен эле. Жалпысынан мурдагы министрлер кызматтарына кайра дайындалып, бирок 81 жаштагы каржы министри Масадзюро Сиокавинин ордуна реформист Садазаку Танигаки келди. Ноябрь айынын баш чендеринде Жапонияда жалпы шайлоолор өткөрүлөт. Ага азыр бийликтеги Либералдык Демократиялык партия Дзюньитиро Коидзуминин жетекчилигинде бармакчы.

XS
SM
MD
LG