Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

АСТАНАДАГЫ КУРУЛТАЙ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИНДЕРДИН АБАЛЫ


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары 23-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Дүйнөлүк жана улуттук салттуу диндердин эки күндүк курултайы башталды. Ага дүйнөдөгү диндердин жана диний ишеним топторунун 17 делегациясынын 135 өкүлү катышууда. Курултайда дүйнөдөгү диндер ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана адамзат алдындагы чыр-чатактарды тынчтык жол менен чечүүнүн жолдору талкууга алынууда.

Курултайга төрагалык кылуучу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өз сөзүндө диндердин көптүгү жана ар түрдүүлүгү адамзаттын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзөт деди:

- Кандай гана бир өңчөй система болбосун, бул менин ынанымымда, жалпы адамзаттын эле эмес, анын бир бөлүгүнүн да туруктуу өнүгүшүн камсыз кыла албайт. Бир өңчөй система өзүнө чыр-чатактарды жана жарылууларды камтып турат. Ошондуктан, биримдиктин ачкычы көп түрдүүлүктө, көп улуттуулукта жана көп түрдүү диндерде деген кеп туура.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев айткан дин жаатындагы көп түрдүүлүк Кыргызстанда да сакталууда. өлкөдө жалпысынан каттоодон өткөн диний уюмдардын саны 219га жетти. Өлкөнүн баш мыйзамында диний партия түзүүгө тыйуу салынган, бирок ишеним эркиндиги да атуулдун башкы эркиндиктеринин бири катары жарыяланган.

Бирок, өлкөдө айрым көйгөйлөр жана карама-каршылыктар да жок эмес. Мисалы, Кыргызстандагы Иисус Христ чиркөөсүнүн башчысы Василий Кузин мамлекеттик уюмдар чиркөөнүн ишине жолтоо болуп жатканын айтып келет:

- Биздин чиркөөнүн 18 филиалын 5 жылдан бери каттоодон өткөрбөй келатышат. Мыйзам боюнча, каттоодон бир айдан кечиктирбей өткөрүшү керек эле. Каттоодон өткөрбөгөнүнүн себептерин да так жана ачык айтышпай, улам «кийин келгиле» деп жооткотуп келатышат, - дейт Иисус Христ чиркөөсүнүн жетекчиси Василий Кузин.

Ал эми Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жуман уулу өлкөдө дин эркиндиги бар, бирок дин маселесинде чайкоочулук кылгандар көбөйдү деп, ага «Хизб ут-Тахрир» партиясын мисалга тартат:

- Кыргызстанда дин жаатында 100% эркиндик бар. «Хизб ут-Тахрирдин» бир туура эмес саясаты – халифат курабыз дегени. Бул - исламий эмес, саясий партия!..

Укук коргоочулар болсо Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда тынч жол менен өз үгүтүн жүргүзгөн динчилерге ачык же көмүскө кысымдар дагы эле учурап жатканына өз тынчсызданууларын билдирип келишет. Аймакта салттык эмес диний агымга (анын ичинде христиандык айрым топторго) өткөн мурдагы мусулмандарды жектеген окуялар орун алып жатканын маалымат булактары кабарлап келет. Ошондуктан, ар кыл диний агымдардын өкүлдөрүнүн Астана шаарында уй мүйүз отуруп, адамзаттын орток асыл-нарктары жөнүндө талкуулашы жалпы эле Борбор Азия аймагы үчүн жагымдуу көрүнүшкө жатаарын жергиликтүү адистер белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG