Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:51

Президент Буш Улуттар Уюмунун мүчөлөрүн жатташууну токтотууга чакырды


Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш шейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Башкы Ассемблеясынын отурумунда сүйлөп, уюм мүчөлөрүн Ирак боюнча өз ара жаатташууну коюп, өлкөнү кайра курууга жигердүү катышууга чакырды.
АКШ башындагы көп улуттуу күчтөр ирактыктарды боштондукка чыгарды жана региондогу стабилдүүлүктү дагы бекемдеди. Кошмо Штаттары азыр Коопсуздук Кеңешинин башка мүчөлөрү менен Улуттар Уюмунун Ирактагы ролун кеңейтүү боюнча жаңы резолюциянын үстүнөн иштөөдө. Бирок, Буш бийликти Ирак жетекчилигине өткөрүп берүүгө шашпоо керек деп баса белгиледи:

- Биздин Ирактагы коалициянын баштапкы максаты: Ирак калкынын өз өкмөтүн түзүү иши ырааттуу жана демократиялык жараян. Бул жараян ирактыктардын зарылчылыгына жараша ишке ашырылууга тийиш; башка тараптардын каалоосу боюнча тездетилбеш да, кечеңдетилбеши да керек.

БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Башкы Ассамблеяда сүйлөп, эл аралык коомчулукту Иракты кайра курууда чогуу иштешүүгө үндөдү. Ал Саддам Хусейндин бийлигин кулатууну “бир жактуу” акция деп сындап, бир тараптуу акция - Улуттар Уюмунун эл аралык мамилелердеги 60 жылдык жетекчилигине каршы жасалган коркунучтуу чакырык деди.
Франциянын президенти Жак Ширак болсо бир да мамлекет же бир ууч өлкөлөр Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин уруксаты болбой уруш ачууга акысыз деген пикирин айтты.
АКШлык ырасмий булактардын кабарлашынча, Буш жана Ширак жыйындан тыш убакта кездешип, “чогуу иштешүүгө аракет кылалы деп макулдашкан”. Бирок, ич ара карама-каршылыктар боюнча бир мунасага келишкен эмес.

XS
SM
MD
LG