Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

«КЫРГЫЗСТАН» ТЕМАСЫ – ОРУСИЯЛЫК БАСМА СӨЗДӨ


Муса Мураталиев, Маскөө шаары Бул аптада орусиялык мезгилүү басма сөздө Кыргызстанга, кыргыз-орусиялык алакаларга жана Борбор Азиядагы геосаясий кырдаалга арналган макалалар арбын жарыяланды.

Газета (23.09.2003) гезитинин жазганына караганда, “Орусиянын чет мамлекетте жайгашкан аскердик учактар базасы биринчи болуп Кантта негизделди. Ал базадан учуп чыккан согуштук учактардын сокку уруу чеги бир жагынан - Ооганстанга, экинчи жагынан - Кытай, ал тургай, Пакистан, Иранга дейре жетет”. Бирок Кант базасы тууралуу келишимге кол коюу менен байланышкан бул жүрүш, орусиялык жетекчи Путиндин пикири боюнча, Кант базасын негиздөөдөгү “алгачкы гана юридикалык кадам”. Канттагы орусиялык аскер аба күчтөрүнүн базасы жөнүндөгү келишимге кол коюу ырасымы бүткөн соң, Орусиянын коргоо министири Сергей Иванов: “Керек болуп баратса, ал региондо тез аранын ичинде армиябыздын катарын көбөйтө алабыз”, - деди. Жогорудагы гезиттин жазышынча, Канттагы аскер-аба базасында баш-аягы 1000ге чукул орусиялык аскер кызмат өтөйт.

Кантта согуштук база ачып, Кремль Борборазиядагы абалын оңдогондугу туурасында Русский курьер (23.09.2003) жазып чыкты. Время новостей (23.09.2003) болсо Маскөөнүн кадамын “Орусия муну менен өзүнүн борборазиялык НАТОсун уюштурду. Бул – Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр алкагындагы аскердик түзүлүштү уюштурууда Орусиянын койгон биринчи ташы болуп калды”, - деп жазды.

Орусия кантип Борборазияны кайрадан өздөштүрө баштаганы жөнүндө Независимая газета (23.09.2003) жазып чыкты. Кремлде кол коюу каадасы өткөрүлгөн бул келишим 15 жылга делип түзүлгөнү менен, анда келишимдин ар бир 5 жылда кайрадан жаңыланып тураары белгиленген берене да бар. Келишимдин дагы бир жеринде аскердик базаны Орусиянын коргоо министирлиги жетектейт деп жазылат.

Согуштук эксперт Александр Гольц:

- Орусияда азыр деле баштагыдай НАТО менен батыш өлкөлөрүнөн коркушат. (Ошондуктан) Путин кошуна өлкөнүн жерине Орусия аскердик база уюштурса боло тургандыгын тигилерге көргөзүп атат.

Газета гезитине (24.09. 2003) чыккан макалада Шанхай уюмунун 3,8 миллион доллар орток бюжети болот. Анын 48 пайызын Маскөө менен Бээжин (ар бири 24 пайыздан), калганын ал уюмга мүчө 4 өлкө төгөөрү, маселен, Кыргызстандын төкчү үлүшү 9 пайыздай болоору макалада айтылган.

Бул күндөрү басма сөздө жарыяланып аткан макалаларда орусиялык согуштук база Кантта узак убакытка кала берээри жоромолдонууда. Ал эми Новости разведки и контрразведки басылмасы (19.09.2003) “Уолл-стрит жорнэл” гезитинен которуп, Грегг Жэффтин макаласын жарыялады. Грег Жэффтин жазышынча, “Пентагондун жетекчилери азыркы тушта коркунуч келүүчү тарап катары Кариб региону, Африка, Кавказ, Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана Түндүк Корей аймактарын түшүнөт”.

Бул, коркунуч келиши ыктымал делген жактарга сокку урула урган болсо, анда тез аранын ичинде ага жетүү мүмкүн болуш үчүн Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Доналд Рамсфелддин (Donald
Rumsfeld) буйругу менен АКШнын Алмания менен Түштүк Корейдеги базасы башка жакка көчүрүлөөрү тууралуу кеп болгон. Ал базалар Кыргызстан, Филиппин аралдары, Сингапур, Африкалык мүйүз, Чыгыш Европа сыяктуу аймактарга көчүрүлүшү ыктымал экендиги макалада айтылат.
XS
SM
MD
LG