Кыргыз киносунун кечеси өзүнүн кең программасы жана көрүүчүлөрдүн көптүгү менен буга чейин бир канча ирет өткөн кечелерден кескин түрдө айырмаланды. Алгач, кыргыз кино өндүрүшүнүн тарых барактарын ар кайсыл жылдарда тартылган фильмдерден кыска үзүндүлөр тасманын кадрлары менен алмашылып, көрүүчүлөрдүн назарына тартууланды.
Кечеде Кыргызстан президенти Аскар Акаев сөз сүйлөп, Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» жана «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармаларын кинотасмага тарткан орусиялык кинорежиссер Ирина Поплавскаяга «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын ыйгарды. Ал эми композитор Калаш Шандор Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Ирина Поплавская аны Кыргызстанга Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына болгон чоң кызыгуу жана сүйүү алып келгендигин айтып, кыргыз жеринде өткөргөн 5 жылдык өмүрү эң баалуу жана натыйжалуу жылдардан болгондугун белгиледи.
- Кыргызстанда өсүп келатышкан жаш киночуларга айтаарым, өзүңөрдүн жүзүңөрдү, дилиңерди жоготпогонго аракет кылгыла! Өзүңөрдүн нукура, элдик фольклорду, маданиятыңарды баалап, сактай билгиле, - деп режиссер Ирина Поплавская жаш кыргыз кинематографисттерине кайрылды.
Ал эми Кыргызстанда өткөргөн убагы кыргыз киносунун алгачкы жылдарына туш келген орус кинорежиссеру Никита Михалковдун айтымында, мурдагы Советтер Биримдигинин мезгили берген чоң мүмкүнчүлүктү - маданият алкагындагы байланышты бекемдөө зарылдыгы эми сезилип олтурат.
- Совет Биримдиги мезгилинде ар кайсыл республиканын кино жумалыктары дайыма өтүп турчу. Барган сайын бул өзүнчө адатка айланып, анча деле кызыгууну жаратпай калган. Ал эми СССР кулап, баарыбыз таркап кеткенде, өткөн мезгилдин баркын, кино күндөрүнүн кадырын билдик, обочолонуп жашоо биз үчүн кыйын экендигин сездик. Бул - биздин бир чоң маданий мейкиндигибиз экендигин туйдук, - деп Никита Михалков өткөн мезгилге баа берсе, жазуучу Чыңгыз Айтматов эки тараптын тең кино өндүрүшчүлөрүн ошол үзүлүп калган байланышты кайра жандандырууга үндөдү:
- Советтер Биримдигиндеги мезгилдин да өзүнө жараша кемчиликтери бар экендиги ачык. Бирок, ошол мезгилде жасалган эмгекти биз баштан өткөрдүк, алардын баары бүгүнкү тарыхый да, маданий да байлыгыбыз катарында бааланып олтурат. Эми мезгил өтүп, түзүлгөн кырдаал бизди бөлүп койду, бирок биз кайрадан биргеликте иштөөгө аракет жасашыбыз керек.
Кечеде Чыңгыз Айтматов Орусиянын кинематографисттер Кеңеши тарабынан «Орусия менен Кыргызстан кино өндүрүшүнө кошкон чоң салымы үчүн» Ардак грамотасы менен сыйланды.
Ал эми көрүүчүлөрдүн назарына эки фильм: кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океев тарабынан Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл алма» аңгемеси боюнча тартылган тасма жана режиссер Актан Абдыкалыковдун «Бешкемпир» фильми тартууланды.