Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Ирак ОПЕКтин жыйынына уюмдун толук укуктуу мүчөсү катары катышат


ВЕНА. Ирак ОПЕКтин жыйынына уюмдун толук укуктуу мүчөсү катары катышат. Ажанс Франс Пресс кабар агенттигинин маалдымдашынча, бүгүн ал жөнүндө уюмдун президенти Абдула бин Хамад ал-Атиях билдирди. Ирактын делегациясын мунай министри Ибрахим Бахр ал-Улум баштап барат. Андан мурда Венесуэланын мунай министри Рафаэль Рамирез ОПЕКтин жыйынына Ирактын толук укуктуу мүчө катары катышуусу үчүн анын өкмөтү эл аралык коомчулук тарабынан расмий таанылууга тийиш деп билдирген эле. Бирок ОПЕКтин жетекчилиги бул талаш маселени кечээ кечинде өткөн жыйналышында жөнгө салды. Рамирез Ирактын жыйынга толук укуктуу мүчө катары катышуусуна каршы болбой турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG